Сот органдары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок жаңы шарт кирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус кооптуулугуна байланыштуу соттук отурумга тиешелүү гана адамдар киргизилип жатканы айтылат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку сот Кыргызстандын сот органдары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Маалыматта соттук имараттарда дезинфекциялоо жана алдын алуу чаралары дыкаттык менен жүргүзүлүп жатканы айтылат.

"Кыраалга байланыштуу коопсуздук үчүн соттук мекемелерге бет кап кийип келип, тартипти так сактоону өтүнөбүз. Коронавирусту алдын алуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер сотторго таасирин тийгизбейт. Себеби мыйзам боюнча белгиленген жараяндар, арыз берүү, соттук актыларга даттануу жана баш коргоо чарасын тандоо иштери бар", — деп жазылат билдирүүдө.

Открытие нового Центра обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалда калк тейлеген кайсы маморгандар иштейт? Тизме
Эгер коомдук транспорттун жоктугу, башка аймакка чыгууга чек коюлганы жолтоо болуп жатса, ал тууралуу түшүндүрмө жазып өзү жашаган жердеги соттун канцеляриясына почта аркылуу жиберүүгө болору айтылат. Алар соттук ишти карап жаткан органды кабардар кылат.

Коронавирус кооптуулугунан улам соттук отурумга тиешелүү гана адамдар киргизилип жатканы айтылат. Алар: арыз ээси, жоопкер, айыпкер, жабырлануучу, адвокаттар, мамлекеттик айыптоочулар.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0