Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаводтон чыккан жаңы лампочкалар. Архив
Заводтон чыккан жаңы лампочкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө салык жана насыялар боюнча кыргызстандыктарга жеңилдиктерди берүүнүн жол-жобосу дагы аныкталып жатат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси дагы каралып жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Белгилей кестек, учурда COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча атайын маалымат жыйын өттү.

"Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда. Бирок кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл", — деди Асрандиев.

Вице-премьер салык жана кредит үчүн каралып жаткан жеңилдиктер боюнча дагы кеп кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0