Депутаттар бир жума элди кыдырып, коронавирустан сактануу жолдорун айтып берет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү аймактарга чыгып, элге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечкен.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бир жумага ишин токтотту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү мындай чечимди 19-март күнү кабыл алган.

"Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март күндөрү өлкө аймактарга чыгып, жергиликтүү тургундарга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Төрага Дастанбек Жумабеков депутаттар жергиликтүү бийлик менен биргеликте элге вирустун алдын алуу чараларын маалымдай турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

28-29-март дем алыш күнгө туш келгендиктен эл өкүлдөрү 30-марттан тарта жумушка чыгышат.

Белгилей кетсек, ЖК депутаттары коронавирус менен күрөшүүгө бир айлык маянасын котормой болушкан.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Флешмоб депутатов ЖК с призывом к единству для борьбы с вирусом COVID-19 в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар коронавирус менен күрөшүү боюнча флешмоб башташты. Видео, сүрөт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы оорураак деп бааланып жатат. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0