"Гансидеги" карантиндик жайдын шартына нааразы болгондорго министрлик жооп берди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСанитардык тазалоо жасап жаткан аял. Архив
Санитардык тазалоо жасап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар обсервация жайынын таза эместигине, дарыгерлердин жоопкерчилигинин жоктугуна нааразы болушууда. Карантиндик жай америкалык аскерлердин мурдагы казармасында уюштурулган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигине Токмоктогу "Ганси" аталышындагы мурдагы аскер базасынын аймагында уюштурулган обсервация жайында жаткан 20 жаштагы кыздын апасы Анара Лаишева кайрылып, нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, обсервациянын шарты өтө начар. Төмөндө анын оюн толугу менен бердик.

"Ооруну тараткандар — дарыгерлер өздөрү"

— 20 жаштагы кызым Франциядан учуп келген, ал Кыргызстандын жараны. Аны карантинге алып кетип жатканда эч ким мага чалып кабар берген эмес. Кызым Wi-Fi кошкондо гана мага билдирди.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар бир жума элди кыдырып, коронавирустан сактануу жолдорун айтып берет
Анын бөлмөсүндө жылуулук жок болгондуктан башка бейтаптар менен чогуу жаткырышкан (бир бөлмөдө экиден киши жатат). Карантинде жүргөндөр сыртка чыгып, бири-бири менен сүйлөшө беришет экен. Себеби ичте терезе жок, бөлмөлөрдү желдетип турушпайт. Туугандары берип жиберген нерселерди да чогуу алышат. Кичи ажылыктан келген кишилер дагы алар менен бир жерде экен. Ажатканасы бир шумдук, жууна турчу бөлмөнүн суусу муздак. Ал жерлер ным болуп, көгөрүп кеткен.

Баарынан да булардын чогуу жүргөнү тынчсыздантат. Вирус деген аба тамчысы аркылуу жугат эмеспи! Ар бир тайпада 15-20дан киши экен. Алар чогуу тамак ичип, азык-түлүктү бирге алышарын айтты. Тамакты асфальтка же полго таштап кетишет экен. Бул база — белгилүү убакыт өткөндө жарылуучу бомба.

Текшерүүнүн жыйынтыктарын айткылары келген жок. Адамдардын дене табын студенттер сынып калган градусник менен текшеришиптир. Бардыгыныкы 35 градустан төмөн экен. Градусникти колдонгондон кийин сүртүшпөптүр деле.

Муну карантин деп айтууга болбойт. Дарыгерлер бет кабы жана атайын кийими жок эле келип жатышыптыр. Ооруну алып келчүлөр ак халатчандар болуп жатпайбы.

Кызым келгенде аны 14 күндүк карантинге жаткырышты. Андан кийин эрежелер өзгөрүлүп, жарандар обсервация жайларында үч эле күн болуп жатышат. Бийлик мындай кадамдарды жасаарда эмнени ойлонду?

Саламаттык сактоо министрлигинин позициясы

Аталган маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Рыспек Садыгалиев жооп берип, Анара Лаишеванын айткандарын төгүндөдү. Биз анын да оюн толугу менен берели деп чечтик.

— Обсервация жайындагы дарыгерлер бейтаптардын дене табын термометр менен алыстыктан туруп ченеп жатышат. Андыктан сынган градусниктер тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Медиктердин бардыгы жетиштүү деңгээлде атайын кийимдер жана коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Эл фейк маалымат таратканын койбоду...

Капельница. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар кантип дарыланып жатканы айтылды
Карантиндик жайдын ичи кир болушу мүмкүн эмес, себеби санитарлар күн сайын тазалап жууп атышат. Тазалыкты сактоо бейтаптардан да көз каранды. Обсервацияда 361 киши жатат, ар кимисинин мүнөзү башка дегендей. Бул үч жылдыздуу отель эмес, мурдагы казарма экендигин түшүнүшүбүз керек. Кечээ кечке ал жакта болдум, медиктер жакшы иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, аталган жайдагы шарт тууралуу нааразычылыктар биринчи жолу айтылып жаткан жок. Кечээ мунун айынан карантинде жаткандар бунт чыгарышкан.

ӨКМ жетекчисинин орун басары Калыс Акматов Токмоктогу обсервация жайынын шарты бардык талаптарга жооп берерин билдирген. Анын айтымында, жарандардын даттануулары чындыкка дал келбейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен облусунан. Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0