Бир жолу колдонгон бет капты кескилеп ыргыткыла! Дарыгердин сунушу

© AFP / KARL-JOSEF HILDENBRANDАял медициналык бет капты кармап турат. Архив
Аял медициналык бет капты кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин соцтармакта таштандыдагы бет каптарды чогултуп жаткан адамдын видеосу пайда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал видео Өзбекстанда тартылган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бир жолу колдонгон бет капты сөзсүз деформация кылып (кесип, тытып) туруп ыргытуу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун башкы илимий адиси Надира Соромбаева билдирди.

Адистин айтымында, бет капты ыргытарда сөзсүз ага антисептик чачуу керек.

"Бет капты колдонбой калгандан кийин ага спирт же антисептик чачып, бир чекесин кайра колдонбогондой кесип туруп желим баштыкка салып, оозун бекем бууп ыргытуу керек. Өрттөгүлө деп сунуштабайм. Анткени буга Бишкекте тыюу салынган. Эгер адам бет кабын көчөдөн ыргытыш керек болсо, анда чекесин тытып же жибин үзүп, антисептик сээп туруп таштандыга салганы оң. Колдон келсе желим баштыкка салып оозун бекем бууп ыргытканы жакшы. Андан соң колду сөзсүз антисептик менен тазалоо сунушталат", —деди Соромбаева.

Буга чейин соцтармакта таштандыдагы бет каптарды чогултуп жаткан адамдын видеосу пайда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал видео Өзбекстанда тартылган.

Мындай учур Кыргызстанда да кайталанбаш үчүн дарыгерлер жарандарды бир жолу тагынган бет каптарды деформациялап ыргытууга чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0