Коронавируска кабылган эмес. Тротуарда жаткан киши мас болуп жыгылганы айтылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМас киши эшикте отурган учурда. Архив
Мас киши эшикте отурган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер текшере келгенде ал адам ылжыган мас экени аныкталган. Министрлик элди жалган жана такталбаган маалымат таратпоого чакырат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкектеги көчөлөрдүн биринде тротуарга кулап калган киши коронавируска кабылган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, мессенджерлер аркылуу көчөдө жаткан кишинин видеосу тарап жатат. Көпчүлүк ал адам коронавирустан улам кулап калган деген түшүнүк менен видеону жайылтышууда.

"Бүгүн, 23-мартта, саат 15:08де Тез жардам кызматына Сухе-Батор менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуарда эс учун жоготуп койгон киши тууралуу маалымат түшкөн. Дарыгерлер текшере келгенде ал адам ылжыган мас экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик элди жалган жана такталбаган маалымат таратпоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0