Вирус ар бирибиздин жаныбызда! Абылгазиевдин элге жасаган видеокайрылуусу

Жазылуу
Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, өзүңөрдүн кенебестигиңер менен башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар деп кайрылган өкмөт башчы.

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасап, коронавирус кооптуулугу күч экендигин айтып элге кайрылды.

"Өкмөттүн канчалык көргөн аракеттерине карабастан, бүгүн биздеги көрүнүш – абдан өкүнүчтүү! Эпидемия ар бирибиздин аң-сезимибизге толугу менен жетпей жатат. Кыймыл-аракетибиз азайган жок. Коронавирус миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, өзүңөрдүн кенебестигиңер менен башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар. Муну түшүнгүлө! Өзүңүз да балким вируска чалдыккан адам болуп калышыңыз толук ыктымал", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр тартипти сактабаган Италия эмне болду деген маанайда эскертүү берген.

"Бул вирус адамга жуккандан баштап 14 күндөн кийин гана билинет экен. Ага чейин вирусту сизге ким жуктурганын, сиз канча адамга жуктурганыңызды билбейсиз! Вирус алыс жакта эмес – вирус ар бирибиздин жаныбызда. Күн жылып, тышка чыккыңыздар келип турат, бирок ушул өзгөчө кырдаалда үйдө болуу – негизги шарт. Тартипти сактабаган Италия эмне болду... Бир күндө 700, 800дөн адам өлөт деген эмне деген шумдук. Италия эли эми түшүнүп жатат", - деди Абылгазиев.

Санитардык кызматынын ишкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта
Ал өкмөт жалпы элди коргоо үчүн мыйзамдуу бардык кадамдарга барууга, аларды күчөтүүгө аргасыз болуп жаткандыгын айткан.

"Ички иштер органдарынын, анын ичинде кайгуул милициясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тартипти орнотуу үчүн иш-чаралары күчөтүлөт. Кенебестер жазасын сөзсүз алат", - деген ал.

Ал каникул, карантинде үйдө отуруу зарылдыгын айтты.

"Каникул, карантин – сейилдеп жүрүү эмес, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуунун чарасы катары кабыл алдык! Айрыкча медицина кызматкерлери өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат. Биз ошону баалайлы. Алардын мээнети кайтсын десек, эрежелерди, тартипти сактайлык! Өзүңүздөр да бири-бириңерди көзөмөлгө алыңыздар", - деп суранган өкмөт башчы.

Ал өзгөчө кырдаалды киргизүү чечими адамдардын укугу чектелгенине, экономикага абдан оор кыйынчылыктарды алып келерине карабастан кабыл алынган чечим экендигин кошумчалаган.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Жунушалиевге фейк маалымат тараткандарды катуу жазалоону тапшырды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0