Президент Жээнбековдун Ош облусуна өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков, Жогорку Кенеша Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку сотттун Төрагасы
Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кенеша Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку сотттун Төрагасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 25-марттан тарта, Кыргызстандын бир катар шаар, облустарына өзгөчө абал киргизилет. Бул дүйнөнү каптап, 18-март күнү Кыргызстандын аймагына дагы жеткен коронавирус пандемиясына байланыштуу.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирустуу жаңы инфекциянын жайылышын пандемия деп жарыялады.

2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 факты, анын ичинде Ош облусунда төрт факт тастыкталды.

Учения стран ОДКБ Поиск-2016 в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна ("Өзгөчө абал жөнүндө"), Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурдинов Малик Апсаматович Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында комендатура түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

  1. Коменданттык саат киргизилсин;
  2. Жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
  3. Айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин) же болбосо обсервацияда, же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
  4. Коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
  5. Оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
  6. Аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
  7. Ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
  8. Жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
  9. Карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;
  10. Коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;
  11. Коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;
  12. Эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
  13. Байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
  14. Дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
  15. Жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
  16. Жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын.
  17. Өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:
  • өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;
  • күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;
  • жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Комендант Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат. Учурда эмне болуп жатат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

  1. Ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
  2. Өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.

Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0