Ош шаарында такси каттамдары токтотулду

© Sputnik / Алексей КуденкоТакси жумуш учурдагы. Архив
Такси жумуш учурдагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош калаасында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эки каттамдагы троллейбус менен эки каттамдагы автобус иштеп жатат.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Ош шаарынын ичинде бүгүн, 24-марттан тарта, такси жүрбөй калды. Бул туурасында мэриянын атайын социалдык тармактагы баракчасында кабарланды.

Мындай чечим жалпы эпидемиологиялык абалдан, коопсуздукту сактоо чараларынан улам кабыл алынган.

"Ош шаарында такси каттамдары токтотулат. Үйдөн чыкпашыңарды суранабыз", — деп айтылган элге жасалган кайрылууда. 

Учурда Ош калаасында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эки каттамдагы троллейбус менен эки каттамдагы автобус иштеп жатат.

Ал эми кечээтен, 23-марттан тарта, Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Вирус ар бирибиздин жаныбызда! Абылгазиевдин элге жасаган видеокайрылуусу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши, жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0