Бишкекте жарандардын кайсы укуктары чектелет. Өзгөчө абал боюнча Жарлык

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин кызматкерлери жана аскерлер жолдо турат. Архив
ИИМдин кызматкерлери жана аскерлер жолдо турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске сала кетсек, эртең, 25-марттан тарта 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, эртең, 25-марттан тарта 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. Ушул жылдын 18-мартынан 23-мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 факты тастыкталды.

Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат. Учурда эмне болуп жатат
КРдин "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрель саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде КРдин Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалсын.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн. Ал жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

  1. коменданттык саат киргизилсин;
  2. жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
  3. айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин) же болбосо обсервацияда, же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
  4. коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
  5. оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
  6. аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин; 
  7. ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
  8. жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
  9. карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;
  10. коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;
  11. коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;
  12. эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөө киргизилсин;
  13. байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
  14. дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
  15. жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
  16. жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;
  17. өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:
  • өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларын көрүү;
  • күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;
  • жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Комендант Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

Учения стран ОДКБ Поиск-2016 в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду
Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана башка органдар коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо комендантка көмөк көрсөтсүн.

Жогорку сотко өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

Башкы прокуратурага:

1) Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин;

Жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.

Бул Жарлык Жогорку Кеңешке жиберилсин. Ал кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0