Бишкек — Кара-Балта каттамы менен жүргөн поезддер ишин токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы темир жол вокзалы. Архив
Кыргызстандагы темир жол вокзалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал киргизилмей болду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 24-марттан тарта Бишкек — Кара-Балта каттамы менен жүргөн поезддер ишин токтотту.

Өлкөдө 16 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал киргизилмей болду.

Кыргызстанда жарыялана турган өзгөчө абал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0