Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматына чакыруу. Архив
Аскер кызматына чакыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марттын башында башталган чакыруу 31-майга чейин уланмак. Аскер кызматына бул ирет 3000 кишини чакыруу пландалган болчу.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду. Бул туурасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова билдирди.

Эске сала кетсек, мартта башталган чакыруу 31-майга чейин уланмак. Аскер кызматына 3000 кишини тартуу пландалган.

"Коронавирусту жайылтпоо эрежелерин сактоо үчүн жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду. Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт", — деди Даниярова.

Ал аскер бөлүктөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, баарына маскалар таратылып жана бардык жерге дезинфекторлор коюлганын кошумчалады.

Эске салсак, коронавируска байланыштуу эртең Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал киргизилет. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0