ИИМ кызматкерлери. Архив

Коменданттык сааттын шарты кандай болот. Түшүндүрмө

(жаңыланган 14:50 24.03.2020)
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган аймактарында 25-марттан тарта саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул убакытта жарандардын жөө жана автоунаа менен сыртта жүрүшүнө тыюу салынат.

Борбор калаанын жана өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү зарыл.

"Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объектилеринен сырткаркы жайлардын бардыгы ишин токтотот", — деди Орозалиев.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койду.

Кыргызстанда жарыялана турган өзгөчө абал жана өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Белгилер:
ИИМ, коменданттык саат, өзгөчө кырдаал, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2642)
Тема боюнча
Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти
Карантинде жаткандар ишкерлерге кайрылып, бет кап сурашты
Зомбулук көрсөтүү. Иллюстративдүү сүрөт

Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер

Эксперттердин айтымында, зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң. Алгач жашай турчу жерин аныктап, өтө керектүү нерселерди жанына алып алуусу зарыл.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.

Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.

"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.

"Жакындардан, достордон же кризистик борборлордон баш калкалай турчу жай табыңыз. Паспорт сыяктуу керектүү документтерди чогултуңуз. Акча, дары-дармек, гигиеналык каражаттарды алып алыңыз", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.

Белгилер:
жардам, ден соолук, өмүр, зордук-зомбулук
Вакцина алып жаткан бейтап. Архив

Кыргызстандын бардык аймактарында эмдөө пунктулары ачылды. Даректер

Эмдөө пунктулары аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында ачылганы айтылды. Учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алууда.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.

Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:

  • Аламүдүн району, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ысык-Ата районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чүй районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кемин районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Москва району, Беловодское айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жайыл району, Кара-Балта шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Панфилов району, Панфилов айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Бишкек шаары

  • №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө жасалат.

Ош шаары

  • №1, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Жалал-Абад

  • Ноокен районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Майлуу-Суу шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Базар-Коргондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Аксы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ош облусу

  • Кара-Суу районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Араван районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Өзгөн районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Куршабдагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Ноокат районунда Медигос жана Барын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чоң-Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Нарын

  • Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ак-Талаа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жумгал районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Талас

  • Талас шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Буура районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Баткен

  • Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылган.

Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.

Белгилер:
дарек, оорукана, пункт, эмдөө, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Коронавируска каршы вакцина алган кыргызстандыктардын азыркы абалы айтылды
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт
Россиянын президенти Владимир Путин. Архивное фото

Үчүнкү өлкөдө жолугалы. Байден Путин менен телефондон сүйлөшүп, сунушун айтты

(жаңыланган 10:20 14.04.2021)
Эки тарап тең Россия менен АКШнын гана кызыкчылыгы эмес, бүткүл дүйнө коомчулугуна пайда алып келүү үчүн мындан ары дагы диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, кесиптешин жакынкы айларда үчүнчү өлкөдө жолугушууга чакырды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Билдирүүгө караганда, сүйлөшүү АКШнын демилгеси менен уюштурулду.

Президент Байден Россия менен мамилесин турукташтырып, жакшыртууну максат кылганын айтты. Ал жакынкы айларда жолугуп, Россия менен Американын ортосундагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоого чакырган.

"Байден Крым жана Украина менен чектешкен аймакта орус аскерлери күчтөндүрүлгөнүнө тынчсызданып жатканын айтып, бул өлкөнүн эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө АКШ кызыкдар экенин кошумчалады. Мындан тышкары, "эгер Россия киберчабуул жана шайлоолорго аралаша турган болсо", Вашингтон өз кызыкчылыгын коргой турганын билдирди", — деп айтылат кабарда.

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Россия буга чейин деле АКШдагы шайлоолорго аралашпагандыгын айтып, айыптоолорду курулай жалаа жабуу деп баалап келгенин билдирди.

Эки тарап тең Россия менен АКШнын гана кызыкчылыгы эмес, бүткүл дүйнө коомчулугуна пайда алып келүү үчүн мындан ары дагы диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.

Лидерлер алдыда Афганистандагы кырдаал, Ирандын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү белгилүү болду.

Белгилер:
Россия, талкуу, сүйлөшүүлөр, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ
Тема боюнча
Донбасста согуш жанданабы? Путин Меркель жана Макрон менен эмнени сүйлөштү