Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы мүмкүн. Республиканын тоолуу райондорунда жолдор тоңуп тайгак болуп, күрткү жаралат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрөт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4…+9, Талас жергесинде +3...8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +5…+10 градус жылуу болору айтылды.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +7...+9 градуска жетсе, Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +13...+15 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0