Бишкекке аймактардан келип иштегендер 20:00гө чейин шаардан чыгышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкеке кирүү убактылуу чектелген. Архив
Бишкеке кирүү убактылуу чектелген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте коменданттык саат киргизилип жаткандыгына байланыштуу коноктор түнгө чейин калаадан чыгып кетиши керек.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Аймактарда катталып, бирок Бишкекте иштегендер кандай кадамга барышы керектигин шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев айтып берди.

Ал буга чейин Бишкекте коменданттык саат киргизилип жаткандыгына байланыштуу шаарда мейман болуп жүргөндөр бүгүн түнгө чейин чыгып кетиши керектигин айткан.

"Шаарда иштеп, бирок анын чет жакасында жашагандар коменданттык саат башталган 20.00гө чейин кетиши керек", — деди Орозалиев.

Коменданттык саат 20:00дөн 7:00гө чейин.

Бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 42ге жетти. Эртеңден баштап өзгөчө абал режими киргизилмей болду. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0