Обсервацияда жаткандар мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгышы мүмкүн. Шарттары

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүКоргоочу костюм кийген медицина кызматкерлери. Архив
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обсервациянын мөөнөтү 14 күн. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коронавирус кооптуулугунан улам обсервацияга жаткырылган кыргызстандыктарды мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.

"Лабораториялык анализдери чыккандан кийин үй карантинине жиберүү чечимин кабыл алууну карап жатабыз. Бирок жарандан бардык шарттарды аткаруу жана жоопкерчилиги тууралуу тил кат жаздырып калабыз. Ал карантинди толугу менен обочолонуп өткөрүүгө макулдугун бериши керек. Албетте, эгер Бишкектен башка аймактарга кете албай жатса, мөөнөтү бүткөнгө чейин болууну каалагандар болсо, обсервацияда кала берет. Бүгүнкү күндө бизде койкалар жетиштүү, алардын саны 2290ду түзөт", — деди Акматова.

Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар.

Эртеңден тарта Бишкек шаарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилет.

Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0