Боронов: жарандар күндүз үч себеп менен эле көчөгө чыга алат

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. Архив
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер жарандар көчөдө жүргөндө өздүгүн аныктай турган документтерин ала жүрүү зарылдыгын эскертти.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал учурунда күндүз үч себеп менен гана көчөгө чыгууга болорун айтты.

Ал учурда кырдаал эпидемиологиялык болгондуктан өзгөчө абалдардан айырмаланарын, мындан улам адамдардын байланышын толугу менен токтотуу талабы коюлганын белгиледи.

"Күндүз дары-дармек алууга, азык-түлүк сатып алуу үчүн дүкөнгө барууга жана дарыгерге кайрылууга болот. Ушул үч эле шарт менен чыгууга мүмкүн. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн комендант тарабынан уруксат кагазы жасалып берилет. Кечки саат 20.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин такыр чыгууга болбойт. Эгерде дарыканага баруу зарыл болсо, биз азыр анкета жасап жатабыз, ага бара турган дарегин жазып калтырышы керек болот. Ошол жолдон чыкпай барып-келиши кажет", — деди Боронов.

Ошондой эле ал көчөдө жүргөндө маселе жаралып калбашы үчүн өздүгүн аныктай турган документтерин ала жүрүү зарылдыгын эскертти.

Талапты аткарбагандар жоопко тартылат! Оштун коменданты видео кайрылуу жасады - Sputnik Кыргызстан
Талапты аткарбагандар жоопко тартылат! Оштун коменданты видеокайрылуу жасады
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 70 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарына, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилет.

Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0