Эртеңден тарта Бишкекте такси кызматынын иштешине тыюу салынат

Жазылуу
Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев учурда кырдаал чыӊалып турганын белгилеп, эрежелерди так сактоого чакырды.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эртең өзгөчө абал киргизилген аймактарда такси кызматтары дагы ишин токтотот. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими иштей баштайт.

"Кыймылды болушунча чектөө үчүн такси кызматтарынын да ишине тыюу салынат. Ал эми транзиттик жүк ташып бара жаткан унаалар Бишкек шаарына кирбей айланып өтүшү керек. Мындай жолдор аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азыр мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жетекчилиги гана кеңсеге келип, калганы үйүндө иштесин деп жатабыз", — деди Боронов.

Талапты аткарбагандар жоопко тартылат! Оштун коменданты видео кайрылуу жасады - Sputnik Кыргызстан
Талапты аткарбагандар жоопко тартылат! Оштун коменданты видеокайрылуу жасады
Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев учурда кырдаал чыӊалып турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал шаарда каттоосу жок жарандардын чыгып кетишине чектөө жок экенин, бирок кайра кире албай турганын эскертти.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0