Талас облусунун ар бир районуна карантиндик посттор орнотулду

© Sputnik / Таалай ОроскуловТалас облусу. Архив
Талас облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-марттан тарта облустагы ар бир районго атайын посттор коюлду. Ал жерден зарыл иши барлар гана өтө алат.

БИШКЕК, 25-мар. – Sputnik. Талас облусунун ар бир районуна санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Анда жарандар менен автотранспорттор тыкыр текшерилет. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус тургундарына өтө зарыл иш болбосо эч жакка барбай үйдө отуруу сунушталат.

"21-марттан тарта Талас облусунун кире беришинде, тагыраагы, Талды-Булак айылында пост орнотулган. Ал эми 24-марттан тарта Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондоруна жана Талас шаарына санитардык-карантиндик посттор коюлду", — дешти өкүлчүлүктөн.

Посттордон өтө маанилүү иши барлар гана өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0