Кары аял. Архив

Аймактарда жалгыз жашаган карыларга соцкызматкерлер жардам берүүдө

64
Жумгал районунда жалгыз бой, улгайган 110 адамдын үйлөрү дезинфекцияланган. Мындан сырткары, өтө муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк, дары-дармек, медициналык бет каптар менен камсыз болушкан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери аймактардагы жалгыз жашаган карыларга жардам берүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Жумгал районунда жалгыз бой, улгайган 110 адамдын үйлөрү дезинфекцияланган. Мындан сырткары, өтө муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк, дары-дармек, медициналык бет каптар менен камсыз болушту. Мындай иш Талас облусунун Бакай-Ата районунда да жүргүзүлгөн. Соцкызматкерлер кары-картаңдарга коронавирустан сактануу жол-жоболорун түшүндүрүп беришүүдө.

Кемин районунун Чым-Коргон айылында 2019-жылы салынган социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө да материалдык жардам көрсөтүлгөнү айтылды.

"Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан ар бир үй-бүлөгө бир каптан ун, беш килограмм кесме, беш литр май, беш килограмм макарон, беш килограмм күрүч, кумшекер жана тазалоочу, жуугуч, дезинфекциялоочу каражаттар таратылган. Социалдык шаарчада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашоочулар эч кандай майрамдарды өткөрбөө жана эл топтолгон жерге барууну токтотуп туруу сунушталган.

64
Белгилер:
жардам, карыя, аймак, Кыргызстан
Тема боюнча
Соцкызматкерлер жалгыз жашаган карыяларга жардам берүүдө. Сүрөт
Коронавирустун айынан ишсиз калган жарандарга жардам берилет