Жүргүнчүлөрдү текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө абал боюнча тексттик баян. Сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстандын бир нече аймагына эпидемиологиялык кырдаалдан улам өзгөчө абал киргизилди. Учурда республикада коронавирус жуктуруп алган 42 учур катталды.

Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус жуктургандар боюнча маалымат берүүнү улантат.

Мазмуну
16:40 25.03.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:12 25.03.2020

Бул күндөр да өтөт! Музыканттардын бишкектиктерди колдогон видеосу.

 

20:09 25.03.2020

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна саат 20.00дөн тарта коменданттык саат башталды. Ал эртең мененки саат 7:00гө чейин созулат. 

18:41 25.03.2020

Жээнбеков илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондорду издетпей, телефон аркылуу билдирүүгө чакырды.

 

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Сыноону бекем тартип менен жеңебиз! Президент Жээнбеков элге кайрылды
18:38 25.03.2020

Жамбыл облусунун 29 жаштагы тургунунан коронавирус аныкталды, ал буга чейин Кыргызстанга барып келген.

 

Ситуация в Армении в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды
18:27 25.03.2020
18:25 25.03.2020

Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан.

 

Британский принц Чарльз, принц Уэльский - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алды
18:23 25.03.2020

+996 312 660616

+996 312 660710

+996 312 662134

+996 312 660248

18:12 25.03.2020

 Жалал-Абадда постто нөөмөттө тургандарга биотуалет коюлуп, бет кап таратылды.

 

Запуск производства тканевых масок в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыяда постто нөөмөттө тургандарга биотуалет коюлуп, бет кап таратылды
18:08 25.03.2020
17:00 25.03.2020

“Бишкектин ичинде азык-түлүк ташып жүргөн автоунааларга, компаниялардын транспортторуна тыюу салынбайт”, - деди Алымкулов.

16:59 25.03.2020

“Эл аралык уюмдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине Бишкектин ичинде коменданттык саатка чейин жүрүшүнө тыюу салынбайт”, - деди Орозалиев.

16:57 25.03.2020

“Бүгүн Бишкекте автоунаалардын саны көп болуп жатат, себеби коомдук транспорт токтотулду. Эл ишке жеке автоунаасы менен барып жатат. Бирок, кадимкидей эле азайды”, - деди Орозалиев.

16:56 25.03.2020

“Адам түндө чукулунан ооруп калса ооруканага бара жатса, абалды түшүндүрсө токтотулбайт.Биз тескерисинче жардам беребиз”,- деди Орозалиев.

16:38 25.03.2020

“Кечки саат сегизге чейин үйүнө жетпей калган учурда адам укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө абалын түшүндүрүшү зарыл. Эгер адам соо, акыл-эсинде, чын эле олуттуу себеби болсо, кызматкерлер түшүнүү менен кабыл алат. Бирок бул 5-10 мүнөт кечиккен учурда гана. Бирок бардык жарандарга коменданттык сааттын бардык шарттарын сактоого чакырабыз”, — деди Алмазбек Орозалиев.

16:35 25.03.2020

"Коменданттык саат учурунда бардык кыймылга - автоунаа менен да, жөө жүрүүгө да тыюу салынат. Бул туурасында жарандарга дагы бир ирет эскертебиз", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. 

 

16:33 25.03.2020

“Өзгөчө абал учурунда медициналык бардык мекемелер иштөөгө милдеттүү”, — деди Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов

16:32 25.03.2020

“Бишкек шаарынын аймагында тамак сатуу менен алектенген бардын кафе-ресторандар иштей алат. Учурда алар үйгө тамак жеткирип берүү кызматтарын көрсөтүп жатат. Бирок саат 20.00гө чейин жабылуусу зарыл”, — деди   вице-мэр Алымкулов. 

16:31 25.03.2020
16:30 25.03.2020
16:27 25.03.2020

"Бишкектин чет жакасында жашап бирок Бишкекте иштеп жаткандар жумушунан документ алышы керек. Ал эми Бишкекте каттоосу док болгондор жашаган жеринен справка алышы керек. Алар өзгөчө абал учурунда ушул документтер менен жүрө алат", - деп айтты Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов. 

 

16:23 25.03.2020
16:20 25.03.2020
15:54 25.03.2020

“Реанимацияда жаткан бейтаптын абалы оор. Ал эми башкаларды алсак, балдардын жана чоӊ адамдардын абалы – канааттандырарлык", - деди Акматова.

Эске салсак, вирус жуккандардын арасында ымыркай, 6 жаштагы бала 14 жаштагы өспүрүм бар. 

15:52 25.03.2020

"Саламаттыкты Сактоо министрилиги коронавирус мындан ары тарап кетсе аталган оорукананы кыргызстандыктарды жаткыруу үчүн колдонуу боюнча Түркия тарапка  кайрылган. Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат, бирок чечиле элек", - деди Акматова.

 

15:49 25.03.2020

Көчөдөн үйгө кайткандан кийин сактала турчу эрежелер:

Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;

Кир колдор менен эч нерсени кармабоо;

Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;

Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз;

Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;

Душка түшүп же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;

Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;

Кол каптар менен бет каптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.

15:47 25.03.2020

“Коронавируска жугузган кишини дарылоого канча акча кетери адамдын ден-соолугунан көз каранды. Анткени мурда өнөкөт оорусу болсо, ага кошумча дары-дармек берүү керек. Азыр так бир сумманы айтуу кыйын”, — деди Акматова.

15:45 25.03.2020

“Бишкекте Жалал-Абадга атайын бригада учуп кетти. Ал ыктыярдуу дарыгерлер, эпидемиологдордон турат. Бул Жалал-Абадда иштеп жаткан медиктерди алмаштыруу, дарылоонун жыйынтыгы жакшы болуш үчүн жасалууда”, - деди Акматова.

15:42 25.03.2020

“Калк канчалык ыкчам кыймылдап, бири -бири менен тыгыз байланышта болсо, коронавирус ошончо тез жайылат. Биздин илимий изилдөө институту божомол берет. Эпидемияга каршы иш-чараларды толук жүргүзүп, карантинди сактап, облустардагы эпидемияга каршы иш-чараларды так аткарсак, жыйынтык жакшы болот деген божомол берди. Көбөйүп кетсечи деген суроо да көңүлдө турат. Андагы кошумча обсервация каралат”, - деди Акматова.

15:34 25.03.2020

“Ар ким өзү каалаган кездемелерден беткаптарды тигип жатат. Бирок алардын бардыгы эле вирустан коргойт деп саламаттыкты сактоо министрлиги кепилдик бере албайт“, — деди Акматова.

15:28 25.03.2020
15:26 25.03.2020

Азыркы маалымат боюнча дүйнө боюнча 375 498 адам коронавирус жуктуруп катталса, алардын 16 362 миңи каза тапты. COVID-19 учурда 195 мамлекетти каптады. Бул маалыматты Саламатыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм берген. 

 

15:23 25.03.2020

Акматова элге сактануу боюнча эрежелерди дагы бир ирет кайталады

“Мобилдик телефон менен көз айнекти дезинфекция кылгыла. Эшиктен кийип келген күрмө, бут кийимди эшиктин алдына калтыргыла. Кийип жүргөн желим кол каптарды жөн эле таштап салбай, кесип салуу керек”, - деди ал.

15:19 25.03.2020

"Биринчиси Испаниядан учуп келген адамды аэропортто тосуп алган адам. Экинчиси — Дубайдан учуп келген адам”, — деди Акматова.

Алардын 1985-жылкы жана 1960-жылкы эркек кишилер экени айтылды.  

15:16 25.03.2020
15:10 25.03.2020

Бул сапар журналисттерге маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтып берет.

14:59 25.03.2020
14:10 25.03.2020

Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгендиктен коомдук транспорт, анын ичинде троллейбус, автобустар да ишин токтотту. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

 

13:54 25.03.2020

Ош облусу боюнча жеке демилгечилерден  25-мартта 10 тонна хлорамин, 280 даана коргонуучу костюм, 5000 даана бет кап таратылды.

Учурда дарыгерлердин райондордон кирип-чыгуусу үчүн жетекчиликтин сунуштамасы менен уруксат кагаздары берилди.

Ар бир аймактык оорукана жана Ош облустук ооруканада дарыгерлер, медкызматкерлер үчүн атайын автоунаалар уюштурулууда.

Маалыматты Республикалык штаб таратты. 

13:50 25.03.2020

 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат. Аталган иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да жасалууда. 

13:40 25.03.2020

Банктардын ӨА учурунда иштөө режими тууралуу билип алыш керек. Мындан тышкары, жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын үлгүсүн көрсөтүшү керек.

 

Подготовка к открытию Центра предоставления государственных услуг МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал учурунда банкка барууга болобу? Штабдын маалыматы
12:12 25.03.2020

Казакстан транзит менен Азербайжан, Россия жана өзүнүн аймагынан Ирандан Кыргызстанга багыт алган кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын  II колонасын өткөрүүнү баштады.

Учурда “Котяевка-Курмангазы" казак-россия чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына экинчи колоннанын 19 автоунаасы киргизилди.

Алар мындан ары Казакстандын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга багыт алат.

 Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул транзиттик коридор Ирандан келаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалары үчүн казак тарабы менен уюштурулганын жана бир жолку акция болгондугун эскертет.

12:03 25.03.2020
11:57 25.03.2020

 Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди.

 

Запуск производства тканевых масок в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
КРде бет каптарды атайын уруксаты жок сатууга убактылуу жол берилмей болду
11:45 25.03.2020

Facebook социалдык тармагындагы Нарын шаардык мэриясынын баракчасына өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча, тагыраагы коронавирус кооптуулугунан улам элди эреже сактоого чакырган ролик жайгаштырылган. 

10:41 25.03.2020

Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынууда. Өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда, жашаган жеринен эч ким, эч жакка чыкпоого тийиш.

 Талас облусунун кире бериши Талдыбулак айылында 21-марттан баштап карантиндик-санитардык пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду.

Санитардык посттордон өтүүгө, өтө зарыл жана жүйөөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

10:30 25.03.2020

Маршруттук баракча — бул жаран өз колу менен толтурган анкета.

Анда төмөнкү маалыматтар жазылышы шарт:

аты-жөнү;
телефон номери;
үйдөн чыккан себеби;
канча убакытта үйүнө барары;
жашаган жери;
бара турган жеринин дареги.


 

Эгер көчөгө ушул үч нерсе үчүн чыга турган болсо, жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу керек.

 

10:18 25.03.2020

Ысык-Көл облусунда Ички иштер башкармалыгы менен аймактык ички иштер бөлүмдөрү жарандарды тикелей эмес, суроолорун, арыздарын телефон жана электрондук түрдө кабыл ала баштады.

Бул кадамдар коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү кооптуулугунун алдын алуу жана эл арасында санитардык - эпидемиологиялык эрежелерди сактоо иретинде жасалып жатканы айтылды.

 

 Ишеним телефондору:

 

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы – (03922) 5-24-14;

Балыкчы шаардык милициясы  – (03944) 3-27-05;

Жети-Өгүз райондук милициясы  – (03946) 5-14-95;

Түп райондук милициясы  – (03945) 2-44-12;

Ак-Суу райондук милициясы  – (03948) 9-13-52;

Тоң райондук милициясы – (03947) 9-13-42;

Каракол шаардык милициясы – (03922) 5-13-80;

Ысык-Көл райондук милициясы – (03943) 2-23-45.

 

 

 

Электрондук почталар:

 

Ысык-Көл облусунда Ички иштер башкармалыгы – dejurkaik@mail.ru;

Балыкчы шаардык милициясы  – dejurkabu@mail.ru;

Жети-Өгүз райондук милициясы  – dejurkagz@mail.ru;

Түп райондук милициясы  – dejurkatyp@mail.ru;

Түп райондук милициясы  – dejurkaaksy@mail.ru;

Түп райондук милициясы  – dejurkaton@mail.ru;

Түп райондук милициясы  – dejurkakl@mail.ru;

Ысык-Көл райондук милициясы – dejurkacha@mail.ru.

 

 

09:41 25.03.2020

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча коронавирусун жуктурган 42 учур аныкталган, алар: 

Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек шары  – 2 учур,

Баткен облусунда – 1 учур.

09:36 25.03.2020

"Лабораториялык изилдөөдө коронавирус  тастыкталбагандыктан кечээ обсервациядан 2014 жаранүй карантинине жиберилип, азыр 580 адам калды.

Аларга үйүнө барганда кайсы талаптарды сактоо керектиги түшүндүрүлдү. Денеси ысып, абалы начарласа  үй-бүлөлүк дарыгерлерге же 118, 112 телефондоруна кайрылышы керек. Дарыгерлер келип, жардам көрсөтүп, аймактык ооруканага жаткырылат", - деди Акматова. 

09:29 25.03.2020

“Илдет жуктуруп алгандар учурда Бишкектеги, Жалал-Абаддагы, Ала-Букадагы, Баткендеги, Ноокаттагы ооруканаларда жатат. Аларды абалы орточо оор деп бааланууда. Алардин бири – улгайган киши Жалал-Абаддагы биргелешкен оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө”, - деди Акматова.

09:22 25.03.2020

"Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттар боюнча тийиштүү маалыматты сайтка чыгара алабыз. акчанын жумшалышын тыкыр көзөмөлдөп жана текшерип жаткан органдар бар. Министрликке караштуу Коомдук байкоо кеӊеши да көзөмөлдөйт" , - деди Акматова.

09:21 25.03.2020

“Учурда эле үй карантинин сактоо керек дегенди жакшылап түшүндүрүү керек болуп жатат. Бул маанилүү”, -  деди Акматова.

09:20 25.03.2020

Акматова: Бүгүнкү күндө коронавирус жуктуруп алгандардан башка пациенттер дары-дармексиз калат деген кооптонуу жок.

09:18 25.03.2020

Өзгөчө абал жарыяланган аймактагы медициналык кызматкерлерди үйүнөн ишке, иштен үйүнө жеткирүү боюнча атайын транспорт бөлүү туурасында маселе каралып жатканын айтты. Анын негизинде медиктердин атайын тизмеси түзүлөт.

Бишкек мэриясы эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүп жаткан кызматкерлерге  19 транспорт бөлүп берүү туурасында аракет болуп жатканын айткан. 

09:16 25.03.2020

“Бүгүн эртең мененки маалыматтарга караганда, жаңы жуктуруп алуулар жок. Учурда Кыргызстанда кононавирус жуктургандардын саны — 42. Баардыгы ооруканада, абалдары орточо оор, бири дагы деле жандандыруу бөлүмүндө”, — деди  Айнура Акматова.

09:16 25.03.2020

Соңку маалыматты  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0