Өзгөчө абал жарыяланган аймактагы медиктер жумушка кантип барып-келери айтылды

© Sputnik / Мария Савченко / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 25-марттан тарта, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими иштей баштады. Бул учурда көчөдө жүрүү тартиби бардык жарандар үчүн өзгөрөт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы дарыгерлерди жумушка жеткирүү, кайра алып келүү боюнча иштер уюштурулат. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Ал үчүн жер-жерлердеги штабдарга медиктерди ташуучу транспортторго уруксат кагазын берүү боюнча өтүнүч менен кат жолдонду. Азыр медициналык кызматкерлердин тизмеси такталып жатат", — деди Акматова.

Жүргүнчүлөрдү текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө абал боюнча тексттик баян. Сүрөт, видео
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-марттан тарта, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими иштей баштады. Бул учурда көчөдө жүрүү тартиби бардык жарандар үчүн өзгөрөт. Алар тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Бүгүн эртең мененки маалыматтарга караганда, коронавирус жуктуруп алган адамдар катталган эмес. Учурда Кыргызстанда бейтаптардын саны — 42. Бардыгы ооруканада, абалдары канааттандырарлык. Ал эми 71 жаштагы бир эркек киши жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0