Кагаз толтуруп жаткан ИИМ кызматкери

Өзгөчө абал. Маршруттук баракча деген эмне жана аны кантип толтуруу керек?

2122
(жаңыланган 10:04 25.03.2020)
Шаардыктардын көбү соцтармактан маршруттук баракча деген эмне экенин сурашты. Бул баракчаны жаран күндүз көчөгө чыкканда сөзсүз жанына алып жүрүшү керек.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өкмөт өзгөчө абал учурунда көчөгө чыкканда көрсөтө турчу маршруттук баракча деген эмне экенин түшүндүрүп берди.

Өлкөдө коронавирустун жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.

Эгер көчөгө ушул үч нерсе үчүн чыга турган болсо, жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу керек.

Маршруттук баракча — бул жаран өз колу менен толтурган анкета.

Анда төмөнкү маалыматтар жазылышы шарт:

  • аты-жөнү;
  • телефон номери;
  • үйдөн чыккан себеби;
  • канча убакытта үйүнө барары;
  • жашаган жери;
  • бара турган жеринин дареги.

Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

2122
Белгилер:
өзгөчө абал, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1860)
Тема боюнча
Обсервацияда жаткандардын 70%ы мөөнөтүнөн мурда үй карантинге чыгарылды
Өзгөчө абал жарыяланган аймактагы медиктер жумушка кантип барып-келери айтылды
Ооруканада жаткан бейтап. Архив

Пневмония дарты өткөн суткада 29 адамдын өмүрүн алды

1
(жаңыланган 10:28 13.07.2020)
Акматованын айтымында, каза болгондордун ичинен 13 адам республика ар жеринде, ал эми 16сы Бишкекте. Жалпы саны 452 болду.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө пневмониядан 29 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун ичинен 13 адам республика боюнча, ал эми 16сы Бишкекте.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 452 болду.

1
Белгилер:
оору, жоготуу, өлүм, пневмония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты
Медициналык кызматкерлер каза болгон киши менен. Архив

Кыргызстанда коронавирустан 15 бейтап көз жумду

18
(жаңыланган 10:23 13.07.2020)
Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 147ге жетти. Бир суткада каза болгондордун көбү Бишкек шаарынан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн өткөн суткада коронавирус 15 бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

18
Белгилер:
Бишкек, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бүгүн өлкөдө дагы 488 киши COVID жуктуруп алды
Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты