КРде бет каптарды атайын уруксаты жок сатууга убактылуу жол берилмей болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгерлердин колундагы бет каптар. Архив
Дарыгерлердин колундагы бет каптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: кызыл кулактар 3,5 млн. бет капты үч күндө жок кылышты
Мисалы, жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирбеген күндө дагы, коронавирус боюнча диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарын алып кирүүгө болот.

Ал эми дары каражаттарын жана медициналык буюмдардын мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу жок болсо, кыргыз же орус тилине которулган стикер чапталуусу шарт.

Мындан тышкары, ушул токтомго ылайык, медициналык бет каптарды лицензиясы жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга убактылуу уруксат берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0