Иштейм деп чыккан таксиcттердин унаасы айып короого киргизилет. Түшүндүрмө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТаксинин шашкасы. Архив
Таксинин шашкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эгер таксилер иштегени чыкса, автоунаа айып короого киргизилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.

"Бул талапты аткарбаган такси жана эл ташуу менен алектенген менчик автолор айып коргоо киргизилет. Айдоочулар мыйзам чегинде жазага тартылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жол инспекторлору айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө абалды туура кабыл алууну өтүнүп жатат.

Кагаз толтуруп жаткан ИИМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал. Маршруттук баракча деген эмне жана аны кантип толтуруу керек?
Эске салсак, өлкөдө коронавирустун жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0