Медкызматкер коронавируска айдоочуну текшерүүдө. Архивдик сүрөт

Коронавирус: Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат

132
(жаңыланган 13:44 25.03.2020)
Тесттердин баасы 112 миң доллар деп бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан коронавирус инфекциясын аныктоочу 30 миң экспресс-тест сатып алат. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн Республикалык штаб билдирди.

"Тесттердин баасы 112 миң доллар деп бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт", — деп айтылды билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстанга коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турган 5000 экспресс-тест сатып алынган. Алардын баасы 22 миң доллар болгон.

Белгилей кетсек, бир ай ичинде Россия бизге 17 600 тест-система бергени белгилүү болгон. Ал үчүн 23-март күнү Кыргызстандын элчилиги Россияга ыраазычылык билдирген.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

132
Белгилер:
тест, Кытай, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (725)
Тема боюнча
Өзгөчө абал учурунда банкка барууга болобу? Штабдын маалыматы
Иранда калган кыргызстандык жүк ташуучулар Россия-казак чек арасынан өтүштү
Маршруттук баракчаны саат канчадан баштап жаныңда алып жүрүү керек? Түшүндүрмө