Автобустун салону. Архив

Бишкекте эми троллейбус менен автобустар дагы токтоду

257
(жаңыланган 13:57 25.03.2020)
Эске салсак, Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилди. Мындан улам калаада бардык кыймылга чектөө коюлган. Такси жана менчик унаалар менен да элди ташууга болбойт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгендиктен коомдук транспорт, анын ичинде троллейбус, автобустар да ишин токтотту. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Эске салсак, Бишкек шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилди. Мындан улам калаада бардык кыймылга чектөө коюлган. Такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.

Эгер таксилер иштегени чыкса, автоунаа айып короого киргизилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылары айтылды.

Буга чейин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин үйүнө жана жумушка ташуу үчүн план иштеп чыкканын айткан.

Өзгөчө абал Ош, Жалал-Абад шаарларына жана өлкөнүн үч районуна да киргизилген.

Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.

257
Белгилер:
өзгөчө абал, коомдук транспорт, автобус, троллейбус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1461)
Тема боюнча
Өзгөчө абал учурунда банкка барууга болобу? Штабдын маалыматы
Коронавирус: Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат
Иранда калган кыргызстандык жүк ташуучулар Россия-казак чек арасынан өтүштү
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

27
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

27
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео
Бишкектин Арча-Бешик конушуна көрүнүш. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

32
6-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 6-декабрь күндүз өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл өрөөнүндө -2…+3, Нарында -1…-6 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаабайт. Күндүн табы борбордо -1…-3, Ош шаарында +1…+3 градус жылыйт.

32
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы