Ошто демилгечилер дарыгерлерге 5000 бет кап, 280 коргоочу костюм алып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПроизводство медицинской одежды в Новосибирске
Производство медицинской одежды в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокат жана Кара-Суу райондорунда 19, Ош шаарында бир адам COVID-19 инфекциясына кабылганы аныкталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жеке демилгечилер Ош облусундагы дарыгерлер үчүн 10 тонна хлорамин, 280 даана коргонуучу костюм, 5000 даана бет кап алып келип беришти. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин райондордон кирип-чыгуусу үчүн жетекчиликтин сунуштамасы менен пропусктар берилген. Ар бир аймактык оорукана жана Ош облустук ооруканада дарыгерлер, медкызматкерлер үчүн атайын автоунаалар уюштурулууда.

Медициналык бет кап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантинде жаткандар ишкерлерге кайрылып, бет кап сурашты
Эскерте кетсек, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда 19, Ош шаарында бир адам COVID-19 инфекциясына кабылган.

Жалпы жонунан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 42ге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө.

Бүгүн обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылганы маалым болду. 

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0