Бишкектин көчөлөрүндө сейилдеп жүргөн жаштар. Архивдик сүрөт

Спортзалга барып, сейилдөөгө чыкпагыла! Мэриянын эскертүүсү

80
(жаңыланган 15:22 25.03.2020)
Эпидемиологиялык абал боюнча маселе жаралса, Шаардык штабдын 625813, 0555839379 телефондоруна чалып же 0705 025 010 WhatsApp номерине жазып койсоңуздар болот.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгендиктен, мэрия шаардыктарга калаадагы кыймылдын жол-жобосун түшүндүрүп берди.

Муниципалитеттин эскертүүсү:

Эртең мененки саат 7:00дөн кечки 20:00гө чейин жашаган жерине жакын жайгашкан азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, ооруканага бара алат. Жанында сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракчасы болушу керек;

Дарыкана, оорукана, азык-түлүк саткан базар, дүкөндөр иштей берет;

Банктарга өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот. Алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң;

Спорт залга машыгууга барганга болбойт, көчөдө сейилдөөгө да тыюу салынды;

Кечки 20:00дөн тарта шаар ичиндеги кыймылдын баары токтойт;

Күнү-түнү коомдук транспорт, анын ичинде троллейбус, автобус, таксилер да иштебейт;

Кафе-ресторандар тамактарды жеткирип берүүгө эртең мененки 7ден кечки 20:00гө чейин гана иштейт. Тамак жеткирген кыздар-балдар кечки саат 20:00гө чейин жумушун бүтүрүшү керек;

Көчө шыпыргычтар шаарды эртең мененки саат 8:00дөн тартып тазалай баштайт;

Шаарга кирип-чыгууга тыюу салынган;

Тыюу тамак-аш, азык-түлүк жана дары-дармек ташыган ишкерлерге тиешеси жок;

Эпидемиологиялык абал боюнча маселе жаралса, Шаардык штабдын 625813, 0555839379 телефондоруна чалып же 0705 025 010 WhatsApp номерине жазып койсоңуздар болот.

Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.

80
Белгилер:
телефон, өзгөчө абал, эскертүү, Бишкек мэриясы
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (453)
Тема боюнча
Ошто демилгечилер дарыгерлерге 5000 бет кап, 280 коргоочу костюм алып берди
Иштейм деп чыккан таксиcттердин унаасы айып короого киргизилет. Түшүндүрмө
КРде бет каптарды атайын уруксаты жок сатууга убактылуу жол берилмей болду