БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова коронавирустун алдын алуу үчүн ар бир адам гигиеналык эрежелерди билиши керек экенин айтып, аларды атай кетти.
Дүкөн, базар, дарыкана жана башка жайлардан үйгө келгенден кийин сөзсүз аткара турчу сегиз эреже:
Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки учур катталды. Ушуну менен ооругандардын саны 44кө жетти.
Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан 500 миң доза сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысы Владимир Путинге жиберилген.
"Азырынча Россиядан жооп келе элек. Россиянын саламаттыкты сактоо министри маселени жогорку деңгээлде чечүү үчүн кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Өзүм Москвага иш сапары менен барганда да муну чечип берүүнү сурангам", — деди Бейшеналиев.
Министр 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетерин кошумчалады.
Кечээ ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген болчу.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.
Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп каларын белгилеген.
“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек, буга кошумча эч кандай чыгым болбойт”, — деди Байтерек.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.