ЖОЖдун мугалими онлайн сабак берип жатат. Архив

Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окумай болду

255
(жаңыланган 16:30 25.03.2020)
Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин бериши керек.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Процессти так жана сапаттуу уюштуруу аталган окуу жайлардын жетекчилерине милдеттендирилди.

"Ага ылайык, билим берүү уюмдарынын жетекчилери онлайн курстарды колдонуу менен ага көзөмөл жүргүзүшү керек. Ошондой эле дистанттык технологияларды колдонуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам уюштурууга милдеттендирилет", — деп айтылат буйрукта.

Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери бардык курстардын студенттери үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигине берүүсү керек.

255
Белгилер:
ЖОЖ, коронавирус, окуу жай, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1552)
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 44 кишинин учурдагы абалы айтылды
Дарыгерлерди ташуу иши эмнеге жөнгө салынбай жатат? Түшүндүрмө
Көчөгө чыгып келгенден кийин сөзсүз аткара турчу 8 эреже
Кишенделген адам. Архив

УКМК: Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат саткан алдамчы кармалды

26
(жаңыланган 00:44 05.03.2021)
Комитет кармалган шектүү 15 миң долларга мамлекеттик кызматтан жетекчилик орунга дайындоону убада кылганын белгилөөдө.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.

“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.

УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

26
Белгилер:
кармоо, шектүү, алдамчылык, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстандыктарды миллиондогон сомго алдап кеткен киши Алматыдан кармалды
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. Архив

Кыргызстандын канайымы эл алдына чыкты. Сүрөт

117
(жаңыланган 22:45 04.03.2021)
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулукка чыккан. Социалдык тармактарга анын реабилитациялык борборго баргандагы сүрөтү жарыяланды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от wheelchair dance group (@tumar_show_group)

Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.

Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.

Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.

117
Белгилер:
Айгүл Жапарова, биринчи айым
Тема боюнча
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар
"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты