Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКалпакчан киши медициналык бет кап менен Бишкектин көчөсүндө бара жатат. Архив
Калпакчан киши медициналык бет кап менен Бишкектин көчөсүндө бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаарда каттоосу жок жарандардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынарын айтып, чыгып кетиши керектиги эскертилген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар иштеген же жашаган жеринен маалымкат алышы шарт. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тургундар күндүзү оорукана, дарыкана жана дүкөнгө гана бара алат.

"Учурда Бишкек шаарында жашап же иштеп, бирок каттоосу башка региондо болгон жарандар боюнча көп суроо түшүп жатат. Алар ишканасынын жетекчилигинен сөзсүз түрдө мекеме кызматкери экенин тастыктаган маалымкат алышы керек. Болбосо жашаган жеринен маалымкат алышы шарт. Анысы жок болсо шаарга киргизилбейт", — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал кечки саат 20.00дөн кийин көчөгө чыгууга толугу менен тыюу салынарын белгиледи.

Коронавирус Кыргызстанда

Офис иш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал учурунда банкка барууга болобу? Штабдын маалыматы
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0