Дарыгер жаны жасалган медициналык бет каптарды кармап турат. Архив

Кызыл-Кыяда постто нөөмөттө тургандарга биотуалет коюлуп, бет кап таратылды

117
(жаңыланган 10:26 26.03.2020)
Кызыл-Кыя шаардык мэриясы дарыгер, санитардык-карантиндик посттордо нөөмөттө тургандарды коргоочу кийимдер менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 миң сом каражат бөлдү.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында санитардык-карантиндик посттордо нөөмөттө турган кызматкерлер үчүн биотуалеттер сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Анын айтымында, посттордо турган дарыгер, милиция кызматкерлерине бет кап да таратылган.

"Кызыл-Кыя шаардык мэриясы дарыгер, санитардык-карантиндик посттордо нөөмөттө тургандарды коргоочу кийимдер менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 миң сом бөлдү. Мындан тышкары, дезинфекциялоочу каражаттар сатып алынган", — деп айтылат маалыматта.

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаев посттордо тургандардын абалынан кабар алып, коргонуучу кийим, каражаттарды тапшырган.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы келишим түзгөн текстилдик фабрика күнүнө 2000 бет кап даярдап чыгарып жатат.

117
Белгилер:
Жалал-Абад, милиция, дарыгер, пост, Кызыл-Кыя
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (501)
Тема боюнча
Жалал-Абадга ыктыярдуу дарыгерлердин тобу учуп кетти
Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат
Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окумай болду