ӨА учурунда тамак жеткирүү кызматынын иштөөсүнө уруксат берилет. Шарты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКурьер. Архив
Курьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзгөчө абал учурунда шаарда тамак-аш жеткирүү кызматтарынын иштөөсүнө саат 20.00гө чейин гана уруксат берилет. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коменданттык саат башталганга чейин жөө жүргөндөр да, транспорт каттамы дагы толугу менен токтотулушу керек.

"Тамак жеткирүү кызматын көрсөткөндөргө эртең мененки саат 7.00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштөөгө уруксат берилет. Коменданттык саат учурунда алар жумушун токтотушу керек", — деди комендант.

Коронавирус Кыргызстанда

Калпакчан киши медициналык бет кап менен Бишкектин көчөсүндө бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0