Бишкекте обсервацияда жаткан франциялык жаран инсультка кабылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОперация учурунда дарыгер. Архив
Операция учурунда дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жаран Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу. Азыр ал үй карантинине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте обсервацияда жаткан франциялык жаран инсультка кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта бейтапка тийиштүү дарылануу дайындалганы айтылат.

"Чет элдик жаран Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу. Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин ТИМдин жардамы жана жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен обсервацияда жаткан 2014 адамдын теңинен көбү үй карантинине чыгарылып, 585 адам гана калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0