Коменданттык саат учурунда Бишкек кандай көрүнөт. Сүрөт жана видеолор

© Sputnik / Максат ЭлебесовВступление комендантского часа в Бишкеке
Вступление комендантского часа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия жарыялангандан бери бүгүн Бишкекте биринчи жолу элге саат 20.00дөн 7.00гө чейин сыртка чыгууга тыюу салган коменданттык саат режими ишке кирди.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектин тургундары коменданттык саат учурун терезелеринен тартылган сүрөт жана видеолорунда көрсөтүштү.

Өзгөчө Sputnik Кыргызстандын "Бишкек сегодня" Telegram каналында активдүү бөлүшүп жатышат.

Пандемия жарыялангандан бери бүгүн Бишкекте биринчи жолу элге саат 20.00дөн 7.00гө чейин сыртка чыгууга тыюу салган коменданттык саат режими ишке кирди.

Жетинчи кичи район

Милиция иштеп жатат

Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши

"Эч качан Манас жана Киев көчөлөрүнүн мындай бош болгонун көргөн эмесмин. Бул гиперлапс режимдеги үч мүнөт. Бул азыркы Бишкектин тарыхындагы экинчи коменданттык саат. Акыркы жолу 1990-жылы түштүктөгү конфликт учурунда киргизилген эле”, — деп жазды "Дичь" каналы.

Байтик баатыр көчөсү менен Чүй проспектинин кесилиши

Кайгуулчулар түнү бою шаарды кыдырып жүрүшөт

Байтик баатыр жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши

Чыгыш-5 кичи району

Бийлик шаар ичинде түндө жүрүүгө мүмкүндүк берген документ берери айтылды

Милиционерлер дарыканадан бет кап сатып алып, аны кийип, ишин улантышты

Көк-Жар кичи району

Коронавирус Кыргызстанда

Калпакчан киши медициналык бет кап менен Бишкектин көчөсүндө бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0