Өтүп аткан унаалардын айдоочуларынын температурасын текшерүү. Архивдик сүрөт

Өлкөдөгү коронавирус, коменданттык саат боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама

1798
(жаңыланган 18:35 26.03.2020)
Кыргызстандын аймагына коронавирус жуктуруп алгандардын киргенине бир нече күн болуп, кырдаал кескин өзгөрдү. COVID-19ду жуктуруп алгандар Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй аймактарынан чыкты. Андан улам Кыргызстандын үч шаары менен үч районуна өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туурасында ар күнү эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Республикалык штабдын маалымат борборунда маалымат жыйынын өткөрүүдө.

25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 адамга чыккан.

Жаңы билдирүү
  • 18:35

    Дарыгер, медиктер үчүн даярдалган бет каптардын, коргонуучу костюмдардын саны

  • 18:29

    Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 100дөн ашты

    Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 109га жетти.  

     "Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар. Учурда алар жугуштуу оорулар боюнча ооруканаларга жаткырылып, байланышта болгон адамдарды текшерүү иштери башталды", — деген маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев.

     

    Очередь в аптеке Алма-Аты.

    Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 100дөн ашты

    Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Оору жуктуруп алгандар чет өлкөдөн келгендер гана эмес, Казакстанда жүрүп вируска кабылгандар дагы бар.
    Дагы
  • 18:01

    Нарын: милициянын өздүк курамына карантиндин алдын алуу, тартипти күчөтүү тапшырмасы берилди

    Шаардын ичиндеги автоунааларды иретке келтирип, мыйзам бузгандар болсо катуу чара колдонуп, карантиндик режимдин туура сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

      

    Бул туурасында Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 

  • 17:59

    Баткен облусунун аймагында жарандарга акысыз бет каптар таратылып жатат

    Облустун бардык район, шаарлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратып, жергиликтүү тигүү цехтери менен келишим түзүп, тиктирген. Буга аймактагы кесиптик лицейлер, мекеме ишканалардын кызматкерлери, ыктыярчы кыз-келиндер да тартылган.
    Лейлек району - 8000, Кадамжай району - 13 000, Баткен району - 7000, Сүлүктү шаары - 1700, Баткен шаары - 8500, Кызыл-Кыя шаары  - 6000 бет капты жергиликтүү тургундарга таратты. Учурда дагы 5000ге буюртма берилген.

    Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.

  • 17:57

    25-март күнү Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда 78 кыргыз жараны бар экени маалым болгон. Мындан сырткары, Нью-Йорк, Минск, Мальдив, Лондон, Орегондон учуп келген 14 транзиттик жаран аныкталган.

     

    Пассажиры в зале ожидания аэропорта Внуково

    Россиядагы элчилик Москванын аэропортунда калган КР жарандары тууралуу үн катты

    Буга чейин 24-март күнү Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай калганын дипөкүлчүлүк кабарлаган.
    Дагы
  • 17:15

    Ошто психологдор акысыз 3 тилде кеңеш берет (кыргызча, орусча, өзбек тилинде). Телефондору

    Маалыматты Ош шаарынын мэриясынын кабарлашты. 

  • 15:59

    Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат жыйыны аяктады

  • 15:53

    Жалал-Абадга канча дарыгер учуп кетти?

    "25-мартта биринчи ыктымдуу мобилдик бригада жөнөп кеткен. 11 адамдан турат, алар  -  реаниматолог, инфекционисттер. Жалал-Абад шаарына жана Аксы, Ала-Бука райондоруна жайгашты.  Дарыгерлердин айлыгы жүрө берет, анан сырткары эпидфонддон кошумча акча төлөп берилет. Бир ай ошол жакта болушат", - деди Акматова. 

  • 15:51

    Ирандан келген айдоочулардын абалы кандай?

    “Алар учурда иликтенип жатат, анализдер алынган. Учурда обсервацияда ”, - деди Акматова.

  • 15:47

    Оорунунун жогорку чеги кайсы айга туш келет?

    “Кыргызстандагы тиешелүү адистер, эпидемиологдор, дарыгерлер бул абал кайсы маалга туш келерин аныктоо үчүн иштеп жатышат. Облустар, дегеле жалпы өлкө боюнча каралууда. Бул боюнча алдын ала божомолдор эки-үч күндөн кийин белгилүү болушу мүмкүн”, - деди Акматова. 

  • 15:44

    Акматова: коронавирустун таралышы чектелди деп айтууга эрте

    "Албетте, коронавирустун таралышы чектелди деп айтууга эрте. Андыктан өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилди. Карантинге кетирип жатабыз. Бир аракет кылып жатабыз. Азырынча аны жеңдик деп айтсак эрте болот", - деди Акматова.

  • 15:40

    Реанимацияда жаткандардын абалы кандай?

    "Алардын өпкөсү кагынган (пневмония) бар, кээ бирлерине кислород керек. Андыктан бокс палатадан тез жардам кылчу, кислородду көп өлчөмдө бере турган жайга котордук", - деди Акматова.

  • 15:33

    Медиктер арасынан ооруну жуктуруп алгандар жок, бирок карантиндегилер бар

    "Мындай фактылар жок. "Семетей" обсервациясынан коронавирус жуктуруп алгандар чыккан. Андыктан, ал жерде иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынган”, - деди Акматова.

  • 15:32

    Карантин талабын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!

    "Карантиндин талаптарын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын унушпашыбыз керек”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы  Акматова.

  • 15:31

    Акматова: Чет өлкөдөн келип, вируска шектелип жаткырылган Кыргызстандын 34 жараны, өзүн жакшы сезгени үчүн үйүнө жиберилген. Тесттер тастыктаган эмес. Андыктан, алар чыгарылган.

  • 15:30

    Акматова: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бизди, бизге окшогон өлкөлөрдү изоляцияны сактабай жатат деп айтууда.  Бул элдин, силердин колуңарда. Ал эми өкмөт колдон келгенин жасап жатат.

  • 15:23

    Акматова: Балдарыңардын, жакындардын ден соолугу, амандыгы үчүн үйдө отургула. Эшикте жүрүп, кесиптештер, кошуналар, башкалар менен учурашып, байланышта экенсиңер, аны токтоткула. Сураныч, тартипти, эрежени сактагыла!

    "Бул Бишкектин тегеретесиндеги райондордо болуп жатат. Ар кайсы жерде 4-5тен чогулуп алып жүрөт деген маалыматтар түшүп жатат", - деп кошумчалады. 

  • 15:20

    Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны учурда - 44, учурда көбөйгөн жок.

  • 15:19

    Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун өлкө аймагына тарап кетпешинин алдын алган иштер боюнча маалымат берүүсүн баштады.

  • 15:11

    Бишкектин тосулган жолдору. Карантиндик зонанын картасы

    Сотрудники патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке

    Бишкектин тосулган жолдору. Карантиндик зонанын картасы

    Карантиндик зона дезинфекция иштерин аткаруу үчүн түзүлөт. Ал жакка тийиштүү кызматтын өкүлдөрү гана кире алат.
    Дагы
  • 15:11

    “Өзгөчө абал учурунда электр жарыгы, ысык, муздак суу жана газ өчүрүлбөйт. Ал коммуналдык кызмат акылары үчүн карыздар жана туум акчалар боюнча маселе каралып жатат, — деди Асрандиев.

  • 15:08

    Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштап жатат

  • 15:00

    Коронавирустан тарта турган Кыргызстандын чыгымы болжол менен – 27-28 млрд. сом

    Асрандиев коронавирус учурунда экономика эңшерилип, чек ара жабылып, бюджет бир топ жакырлана турганын айтты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, болжолдуу түрдө – 27-28 миллиард сом деп атады.

     

  • 14:59

    “Кыргызстанда жазгы талаа иштери жүрүп жатат. Аларга техниканын бузулуп калышы тоскоол болбошу үчүн азыр жабык турган авто тетиктерди сатуучу базарларга онлайын дүкөндөрдү ачууну сунуштап жатабыз. Бул жагынан элде мүмкүнчүлүк көп. Бирок алыскы аймактарга жеткирип берүү жагынан тоскоолдуктар болушу ыктмал. Азыр анын жол-жобосун ойлонуп жатабыз”, — деди Асрандиев.

  • 14:57

    Бардык эле бизнесмендер жана жарандар акчаны атайын эсепке которгон жок

    «Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле бизнесмендер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатат”, - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

  • 14:47

    Финпол унду кымбаттаткандар боюнча айтууну суранып, телефондорду берди

    "Эгерде ун жана башка товарлар, азык-түлүктөр баасынан бир топ кымбат сатылып жатканын көрсөңөр, төмөнкү телефон номерлерине чалгыла", - дешти.

    Алар: 

    (0312) 543980,

    (0312) 541712 

    (0312) 323765,

    (0312) 323754  

     

     

  • 14:34

    Кезек күтүү тартиби

    “Дарыкана, оорукана жана дүкөндө кезек күткөн учурлар пайда болсо, ар бир кишинин ортосунда 1,5 метрден аралык болушу керек. Мындай шартты ошол мекеменин кызматкерлери түзүп берүүгө милдеттүү. Эгер бул шарт бузулса жетекчилиги жоопкерчиликке тартылат”, — деди Асрандиев.

  • 14:29

    Асрандиев: мекеме кызматкерлерине транспорт камдап бериши керек

    Бишкекте бул күндөрү ишке барып жаткан бардык жарандарга алар иштеген мекемелер транспорт даярдап бериши керек. Ал эми автоунаалардын ичиндеги ар бир киши иштеген жеринен маалымат жаздырып алуусу зарыл.

  • 14:25

    Айдоочулардын коменданттын колу коюлган атайын документи болушу зарыл

    Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май, газ баллондорун ташуу күнү-түнү,   тоскоолдуксуз жүргүзүлөрүн айтты.

    "Болгону товар ээлери айдоочуларга коменданттын колу коюлган атайын документ даярдап бериши керек”, — деди ал. 

  • 14:19

    Караколдо эл карантинге маани бербегендиктен, милиция кызматка чыгат

    Каракол. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан түшүндүрүү иштерине жашоочулар өзгөчө маани бербестен, кайрадан бир-бирине мейманга баруу, өтө зарылчылык болбосо дагы көчөлөргө чыгуу менен көп адамдардын чогулушуу өӊдүү көрүнүштөр аныкталууда.

    Мындан улам Каракол шаары атайык секторлорго бөлүнүп, милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жошоочуларга вирустун жайылышын жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан тышкары, шаар ичинде өзгөчө зарылчылык болбосо, автоунаалардын кыймылына дагы чектөөлөр киргизилмекчи.

    Личный состав УВД области и ОВД г. Каракол распределены для усиления контроля карантинного режима и разъяснительных работ в областном центре. 26 марта 2020 года
    УВД Иссык-Кульской области
    Личный состав УВД области и ОВД г. Каракол распределены для усиления контроля карантинного режима и разъяснительных работ в областном центре. 26 марта 2020 года
    УВД Иссык-Кульской области
    Личный состав УВД области и ОВД г. Каракол распределены для усиления контроля карантинного режима и разъяснительных работ в областном центре. 26 марта 2020 года
    УВД Иссык-Кульской области
  • 14:09

    Ишкерлер, товар ташыгандар Бишкекке кайсы жол менен кире алат. Тизме

    Бишкек коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, ишкерлер шаарга төмөндөгү посттор аркылуу товар алып кире алат:
    Жаш Гвардия бульвары проспектиси менен айланма жолдун кесилиши;

    Курманжан датка көч. менен айланма жолдун кесилиши;

    Достук дачасындагы Васильевский тракт көчөсү;

    Дэн Сяопин менен Алыкулов көч. кесилиши;

    7-апрель көчөсү менен Токомбаев көчөсүнүн кесилиши;

    Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көч. кесилиши;

    Кожобергенов менен Семетей көч. кесилиши;

    "Киргшелк" посту;

    Селекционная айылындагы май куючу жайдын жаны.

  • 13:44

    Орозалиев: Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоо боюнча 120 пост коюлду. Алардын ичинен чоң блок-посттор 15, карантиндик посттор -  26, кичинелери – 76.

  • 13:37

    Орозалиев: Өкмөткө мамлекеттик кызматкерлердик жана муниципалдык кызматкерлерге өзгөчө абалдан улам жумушка жеткирүү жана үйүнө алып баруу боюнча маселени чечип, транспорт бөлүп берүү боюнча кайрылдым.

  • 13:33

    Комендант: зарыл болбосо эшикке чыкпай эле койгула

    Комендант элди зарыл болбосо көчөгө чыкпоону суранып, учурда шаардын көчөлөрүндө дезинфекция иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

  • 13:32

    Комендант Алмазбек Орозалиев: Кечээ түнкү коменданттык саатта 196 киши тартипти бузуп, эшикте жүргөн. Алардын ичинен 14 аял, 163 киши эркек жана өспүрүм болду. Булардын катарында 18  чет элдиктер болду.

  • 13:29

    Бишкек шаарынын комендантынын маалымат жыйыны башталды

  • 13:01

    Бишкек шаарынын комендатурасы түзүлүп, орун басарлары дайындалды. Алар кимдер?

    Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиевдин эми төрт орун басары иш алып барат.   

    - КРдин куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин жетекчиси, полковник Алмазбек Карасартов;

    -  Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов;

       - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Канат  Жумагазиев;

       - УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Дүйшөкеев.

     Карасартов  Бишкекте аскер бөлүктөрүнүн иштерин жөндөйт.

    Суракматов Бишкектин социалдык-экономикалык маселелери менен иштейт.

     Канат Жумагазиев коомдук тартип жана коопсуздук маселелерине жооп берет.

    Ал эми Нурлан Дүйшөкеев  конституциялык түзүлүш, көз карандысыздык жана башка дагы улуттук коопсуздук боюнча маселелерди карайт.

    Комендатура жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын өз учурунда ишке ашыруу үчүн штаб жана катчылык түзүлдү.  

  • 12:38

    ЭВФ биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам бериши ыктымал

    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с постоянным представителем Международного валютного фонда (МВФ) в Кыргызской Республике Тиграном Погосяном.

    Коронавирус: ЭВФ биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам бериши ыктымал

    Жээнбеков азыркы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, ЭВФке Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.
    Дагы
  • 12:30

    Нарында коронавирус кооптуулугунан улам мобилдүү 5 топ түзүлдү. Телефондор

    Нарын шаарынын аймагына чет өлкөдөн жана республикабыздын башка облустарынан келген жарандарды жана алар менен контактта болгон адамдарды аныктоо жана башка жумуштарды оперативдүү жүргүзүү максатында шаар боюнча беш мобилдүү топ түзүлдү.

    1-аймак (РТС чөлкөмү): (Нефтебаза аймагынан Сейил-Булак аймагына чейин) Жооптуу: Жумалиева Ширин (0708 015484)

    2-аймак (Московский чөлкөмү): (Московскийдин башынан Ат-Башы көчөсүнүн күн чыгыш тарабынын өйдө жагы) Жооптуу: Дөөлөтбай уулу Жамгырчы (0702 895433)

    3-аймак (Борбор чөлкөмү): (Ат-Башы көчөсүнүн күн батыш тарабынан ДСУга чейин) Сүйүнбаев Райымбек (0705 436683)

    4-аймак (Көтөрмө чөлкөмү): (ДСУдан Жаңы-Жол аймагына чейин) Жооптуу: Кубатбек уулу Азат (0702 948282)

    5-аймак (Интернат чөлкөмү): (Жаңы-Жол аймагынан Ак-Кыя аймагына чейин) Жооптуу: Омуралиев Эсентур (0701 535435)

  • 12:28

    26-мартка караган түнү Бишкекте коменданттык саатты бузган 193 адам кармалды

    Калааны 70тен ашык милиционер кайтарып, Бишкектин комендатурасына 200гө чукул телефон чалуу түшкөн.

    Мэрия Бишкектин комендатурасынын чалуу борбору күнү-түнү иштей турганын эскертип, телефон номерлерин жарыялады. Алар: (0312) 660710, 660248, 662134.

     

     

  • 12:21

    Бишкекте көчөлөр эмнеге жабылды? Комендатура себебин айтты

    Бишкекте көчөлөр жабылып, кыймыл токтотулуп жатат. Анткени шаар дезинфекцияланууда. Качан бүтөрү белгисиз. Иштер аягына чыгары менен көчөлөр ачылат”, — деди call-борбордун адиси.

     

    Сотрудник муниципального предприятия Тазалык во время дезинфекции остановки в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 11:40

    Коронавирус кризиси экономиканы оңдурбай калды. Дүйнөлүк уюмдун божомолу

    Работник в защитном костюме измеряет температуру тела человека внутри здания Шанхайской фондовой биржи, поскольку страна поражена новой вспышкой коронавируса в финансовом районе Пудун в Шанхае. Китай, 28 февраля 2020 года

    2008-жылдагы кризистен да оор каатчылык күтүлөт. Дүйнөлүк соода уюмунун божомолу

    Коронавирус жумушчу орундардын кыскарышын шарттап, калктын жашоо шартына жана соодага кедергисин тийгизери айтылды.
    Дагы
  • 11:27

    Кытайдын Кыргызстанга гуманитардык жардамы

    Аны кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

  • 11:12

    ОШ. Бет каптарды азыркы кырдаалда кызмат кылып жаткан милиция кызматкерлерине, блокпостордо иштеп жаткан дарыгерлерге, шаарды тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге бөлүп берилет. 

    Маалыматты Ош шаарынын мэриясы таратты. 

  • 11:02

    ӨКМ Бишкекте дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. Видео

  • 10:52

    Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 35 миллиондон ашык акча келип түштү

  • 10:46

    Бишкектин бир бөлүгү курчоого алынды. Сүрөттөр

    Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 10:20

    Бишкектеги супермаркеттердин иш графиги өзгөрдү . Сааты

     Өзгөчө абал киргизилген маалда дүкөндөр төмөнкүдөй тартип менен иштемекчи:

    "Народый" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
    "Фрунзе" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
    "Алма" — 09:00дөн 18:30га чейин;
    "Ярмарка" — 09:00дөн 18:00гө чейин;
    "Глобус" — 09:00дөн 18:00гө чейин.



  • 10:07

    Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын маалымат жыйыны аяктады.

  • 10:04

    Эгер чет өлкөдөн келсеңиз же ооруган адам менен байланышта болсоңуз кайда кайрыласыз?

    "Эгер чет өлкөдөн келсеңиз же ооруган адам менен байланышта болсоңуз, Республикалык штабдын ишеним телефондоруна же аймактык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалып, абалды түшүндүрөсүз. Сизди текшерүү же текшербөө боюнча чечим дарыгер гана кабыл алат”, — деди Акматова.

  • 10:01

    Жеке клиникаларда коронавирус боюнча тесттен өтүүгө болобу?

    "Жеке клиникаларда тесттен өтүү боюнча маселе каралган эмес. Вирустун бар экендигин анализден өткөрүү медициналык кызматкердин уруксаты менен жүргүзүлөт. Эгерде өзүңүздөн шек санай турган болсоңуз, атайын телефонго же аймактык дарыгерге чалыңыз. Анализ алуу же албоону ал дарыгер айтып, маалыматты тиешелүү жерге билдирет", - деди Акматова. 

  • 09:51

    Медициналык кызматкерлерге жардам берем дегендер кайда кайрылса болорун айтышты

    “Медициналык кызматкерлерге жардам берем деген ыктыярчылар Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана жер-жерлердеги штабдарга кайрылса болот. Ошол жактан гана кандай жардам керектигин түшүндүрүп беришет”, — деди Акматова.

  • 09:48

    Акматова: Соода борборлордо улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек. Дүкөнчүлөр кол кап, бет кап кийип соода кылышы зарыл. Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек. 

  • 09:46

    Дүкөндө 1,5 метрден кем эмес алыс тур

    "Товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет", - деди Акматова.

  • 09:45

    "Өзүн-өзү изоляцияга алуу – коронавирустун жайылып кетишинин болтурбоо жана оорунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат, муну дүйнө жүзү боюнча колдонушат”, - деди Акматова.

  • 09:44

    Кыргызстан кайсы өлкөлөргө жардам сурап кайрылды?

    Акматова: Бүгүн Кытай менен чектешкен Торугарт аймагына аталган өлкө берген гумантардык жардам түштү, бет каптар келе жатат. Андан сырткары Россияга ыраазылык билдирип кетишибиз керек. Көмөк көрсөтүп жатат. Аларга реагенттерди, бет каптарды сурап кайрылып жатабыз.

  • 09:39

    Коронавирус менен ким ооруйт?

    "Эгерде адамдын иммунитети күчтүү болсо ал симптому жок өтүп кетиши мүмкүн. Ал эми алсыз болсо оору өзү жөнүндө жуккандан кийин 6-7 күндөн соң белги бере баштайт",  - деди Акматова. 

  • 09:37

    Коронавирус канча саат сакталат?

    “Коронавирус сырткы чөйрөдө 3 саатка чейин, аэрозолдук абалда 7-8 саатка сакталат деген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо умунун айтканы бар. Андыктан колдонгон буюмдарды 70 пайыздык спирт менен сүртүп, тазалап туруу керек”,  - деди Акматова.

  • 09:33

    Акматова: Обвсервациядан чыккандар карантинди сакташы керек. Атайын колдоруна кагаз берилет. Алар үйдөн кандай шартта карантинде болушу катуу эскертилип, кеп-кеңештер берилет.

  • 09:30

    Коронавирус жуктургандар азыр кайсы аймакта. Саны

    Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
    Ош облусунда – 20 учур,
    Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
    Бишкек ш. – 3 учур,
    Чүй облусунда – 1 учур,

     Баткен облусунда – 1 учур.

  • 09:29

    Эми эмне кылышыбыз керек? Адистин кеңеши.

    “Изоляцияда болушубуз керек. Үйдөн зарылдык болбосо эшикке чыкпоо зарыл. Бул эрежелерди баарыбыз сактайлы”, -  деди Акматова.

  • 09:27

    5-февралдан 22-мартка чейин 2940 адамдан анализ алынып, 44үнөн коронавирус чыкты. 1328 адам алар менен байланышкан. Ал эми үйүндө тыгыз байланышта 363 адам болгон.

  • 09:25

    Акматова: 122 кишини абалы канааттандырарлык, орточо абалдагылар  - 10 киши, 6 адамдын абалы оор болгондуктан реанимация. 34 киши үйүнө чыкты.

  • 09:23

    Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

  • 09:20

    Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы учуру катталган жок

    2020-жылдын 26-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок.

  • 09:15

    Коменданттык саат учурунда Бишкек кандай көрүнөт. Сүрөт жана видеолор

    Проспект Манаса без людей и машин во время комендантского часа в ЧП в Бишкеке

    Коменданттык саат учурунда Бишкек кандай көрүнөт. Сүрөт жана видеолор

    Пандемия жарыялангандан бери бүгүн Бишкекте биринчи жолу элге саат 20.00дөн 7.00гө чейин сыртка чыгууга тыюу салган коменданттык саат режими ишке кирди.
    Дагы
  • 09:08

    Бишкекте түндө саат 12ге чейин коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды

    Бишкекте түндө саат 12ге чейин коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалып, 

    райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилген. 

     

live
Өлкөдөгү коронавирус, коменданттык саат боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама
+
1798
Белгилер:
видео, Сүрөт, кырдаал, жыйын, маалымат, эпидемия, өзгөчө абал, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1328)
Тема боюнча
Италия: сөөк өрттөгөн жайдагы толтура табыттар. Жүрөк сестенткен видео
Москвада коронавирустан эки киши каза болду
Казакстанда өзгөчө абалдын эрежесин бузган 64 адам камалды