Милиция кызматкерлери Бишкектин айрым көчөлөрдөн автоунааларды артка кайтарууда

Бишкектин бир бөлүгү курчоого алынды. Сүрөт

916
(жаңыланган 10:39 26.03.2020)
Милиция кызматкерлери айрым көчөлөрдөн автоунааларды артка кайтарууда. Кабарчынын айтымында, эмне себептен экенин түшүндүрүшкөн эмес.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин бир бөлүгүнө автоунааларды киргизбей жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    Бишкектин бир бөлүгүнө автоунааларды киргизбей жатышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши тосулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    Ал аркылуу шаардын борбордук бөлүгүнө өткөрбөй жатышат. Мындан тышкары, Бакаев (шаардык борборуна өткөрбөй жатышат) жана Ахунбаев (чыгыш тарапка чектөө коюлган) көчөлөрүнүн кесилиши жабылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
    Милиция кызматкерлери автоунааларды артка кайтарууда. Бирок себебин түшүндүргөн жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектин бир бөлүгүнө автоунааларды киргизбей жатышат.

Анын айтымында, Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши тосулган. Ал аркылуу шаардын борбордук бөлүгүнө өткөрбөй жатышат. Мындан тышкары, Бакаев (шаардык борборуна өткөрбөй жатышат) жана Ахунбаев (чыгыш тарапка чектөө коюлган) көчөлөрүнүн кесилиши жабылган.

"Милиция кызматкерлери автоунааларды артка кайтарууда. Бирок себебин түшүндүргөн жок", — деди кабарчы.

Башка кабарчылардын билдиргенине караганда, бөлөк көчөлөр менен жүрүүдө, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүнө өтүүдө дагы көйгөй жаралып жатат. Мисалы, Байтик баатыр менен Жибек Жолунун айрым бөлүктөрү жабык.

Бишкек комендантынан бул тууралуу сурап билүүгө азырынча мүмкүнчүлүк жок.

916
Белгилер:
милиция, жол, чектөө, Бишкек
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (453)
Тема боюнча
Коронавирус жуктурган 5 кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду
Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды
Бишкектеги супермаркеттердин иш графиги өзгөрдү