Бишкектин комендатурасы түзүлдү. Кимге кандай жоопкерчилик жүктөлдү

Жазылуу
Комендатура жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын өз учурунда ишке ашыруу үчүн штаб жана катчылык түзүлдү. Борбор калаанын коменданты — Алмазбек Орозалиев.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин комендатурасы түзүлүп, коменданттын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу комендатуранын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана өлкөнүн үч районуна өзгөчө абал режими киргизилген.

Бишкек шаарынын коменданты — Алмазбек Орозалиев. Бүгүн анын төрт орун басары дайындалды. Алар:

  • Алмазбек Карасартов — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин жетекчиси, полковник;
  • Азиз Суракматов — Бишкек шаарынын мэри;
  • Канат Жумагазиев — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги;
  • Нурлан Дүйшөкеев — УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси.

Орун басарлары милдеттерди өз ара бөлүштүрүп алышкан.

Митинг сотрудников госцирка в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коменданттык саатты бузган 193 адам кармалып, милицияга жеткирилди
Карасартов Бишкекте аскер бөлүктөрүнүн иштерин жөндөсө, Суракматов борбор калаанын социалдык-экономикалык маселелери менен иштейт. Жумагазиев коомдук тартип жана коопсуздук маселелерине жооп берсе, Дүйшөкеев конституциялык түзүлүш, көз карандысыздык жана башка дагы улуттук коопсуздук боюнча маселелерди карайт.

Комендатура жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын өз учурунда ишке ашыруу үчүн штаб жана катчылык түзүлдү.

Sputnik агенттиги өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0