Шаардагы ундун складында. Архив

Финансы полициясы ун кампаларда катылып жатат деген маалыматты төгүндөдү

151
(жаңыланган 14:22 26.03.2020)
Ундун кымбатташын күтүп, кампаларда сактап турушат деген маалыматтан улам Финансы полициясы бир топ соода жайларды текшерген. Алар элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекке ишкерлер ун алып келип, бирок сатпай, баанын кымбатташын күтүп кармап турат деген маалыматтар жалган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жогорудагыдай маалыматтар чыгып кеткенден кийин Финансы полициясынын кызматкерлери соода жайларын, ун саткан жерлердин кампаларын текшерип, бирок ал айтылгандар тастыкталган эмес.

"Элдин учурда ун жана ун азыктарын жапырт сатып алуусу байкалууда. Мындан улам убактылуу жасалма тартыштык жаралып жатат. Мындай абалдан пайдаланып калууну каалаган кызыл кулактар, абийирсиз ишкерлер, тагыраагы, эл душмандары чыгууда. Муну жоюш үчүн биздин кызматкерлер жумушчу топторду түзүп, ун саткан жайларды текшерүүдө. Бул бааны көтөргөндөр болбосун деген максатта жасалып жатат", — деп айтылган маалыматта.

Мындай жагдайлар кезиксе катуу чаралар көрүлөрү баса белгиленет.

Финансы полициясы жарандарды калп маалыматтарга ишенип алып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Ал эми ун жана ун азыктарын өндүрүү, ташып келүү үзгүлтүсүз жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

"Эгерде ун жана башка товарлар, азык-түлүктөр баасынан бир топ кымбат сатылып жатканын көрсөңөр, (0312) 543980, 0312 541712 телефондоруна чалып, кабарласаңар болот", - деп айтылган маалыматта.

Андан сырткары, 0312 323765, 0312 323754 телефон номерлерин беришкен.

151
Белгилер:
кулак, эл, кымбаттоо, ун, Кыргызстан
Тема боюнча
Коронавирус жуктурган биринчи адам ким экени жарыяланды
Бишкектин комендатурасы түзүлдү. Кимге кандай жоопкерчилик жүктөлдү
Кыргызстандагы доллардын азыркы баасы