Жүк ташуучу унаалар. Архив

Комендант Бишкекке азык-түлүк ташыган ишкерлер кайсы посттон өтө аларын айтты

177
(жаңыланган 14:39 26.03.2020)
25-марттан тарта Бишкекте өзгөчө абал жарыяланып, жарандардын шаарга кирип-чыгуусуна чектөө коюлган болчу.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Башка аймактан Бишкекке азык-түлүк ташып келе жаткан ишкерлер белгиленген посттордон гана өтө алат. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Комендантка Чүй облусунан шаарга сүт жана башка азыктарды алып кирүүгө аракет кылгандарды блокпосттон өткөрбөй жатышканы туурасында суроо беришкен.

"Мен бир саат мурда ишкерлерди Бишкек шаарына жана андагы карантиндик аймакка тоскоолдуксуз киргизүү боюнча буйрукка кол койдум. Алар каяктан өтүү керектигин жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин таанышып алса болот", — деди Орозалиев.

Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү постттор аркылуу өтө алышат:

  • Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
  • Жаш Гвардия бульвары менен айлампа жол;
  • Курманжан датка менен айлампа жол;
  • Киргшелк;
  • 7-апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
  • Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Селекционное айылындагы май куюучу жайдын жаны.

Ал ошондой эле үйгө тамак ташуу кызматын көрсөткөндөр үчүн дагы уруксат кагазы даярдалып берилгенин кошумчалады.

Коронавирус Кыргызстанда

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алардын ичинен алты кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

177
Белгилер:
азык-түлүк, пост, ишкердик, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2268)
Тема боюнча
Казакстандан Кыргызстанга кирбей турган товарлардын тизмеси
Финансы полициясы ун кампаларда катылып жатат деген маалыматты төгүндөдү
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды
Дүйнөдө биринчилерден болуп ВИЧ оорусунан айыккан АКШнын Тимоти Рэй Браун аттуу жараны. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты

33
(жаңыланган 19:21 30.09.2020)
Калифорниядагы хоспистердин биринде "Берлиндик пациент" рак илдетинен көз жумду. Аны ак кан оорусу узаткан жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Дүйнөдө биринчилерден болуп ВИЧ оорусунан айыккан АКШнын Тимоти Рэй Браун аттуу жараны рак оорусунун кайталанып пайда болушунан кийин каза тапты. Бул тууралуу анын Facebook-аккаунтунда айтылган.

Рэй Браун шейшемби күнү саат 15:10 чамасында Калифорниядагы хоспистердин биринде аркы дүйнөгө узаган. Ал жерге онкологиялык ооруларга чалдыгып, көз жума турган кишилерди жайгаштырышат.

"Терең кайгыруу менен Тимотинин беш ай ак кан илдети менен күрөшүп жатып каза тапканын билдирем. Ал бүгүн саат 15:10до менин жана досторунун курчоосунда аркы дүйнөгө узады", — деп жазган анын түгөйү Тим Хеффген.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал Тимоти Рэй Браун 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Елена Малышева адам баласы үчүн эң кооптуу беш илдетти санады

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен.

33
Белгилер:
вич, Калифорния, АКШ
Тема боюнча
Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт
Бекболотов: эми онкологиялык бейтаптын анализдери СПИД борборунан алынат
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив

"Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинасы үчүн патент алды

26
(жаңыланган 18:44 30.09.2020)
Аталган борбор коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын Өндүрүш менчиги боюнча федералдык институту вирусология жана биотехнология жаатында иш алып барган "Вектор" борборунун коронавируска каршы чыгарган "ЭпиВакКорона" вакцинасына патент берди. Бул тууралуу Роспатентке таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуулар вирустун бөлүктөрүн камтыган вакцинаны — синтетикалык пептиддик антигендерди иштеп чыгышкан. Алардын негизинде жасалган вакцина COVID-19га каршы иммундук реакцияны жаратат жана иммунитеттин бекемделишине өбөлгө түзөт.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

"Бардыгы болуп үч вакцинага патент берилген, анын ар бири өзүнө вирустун модификацияланган фрагментин камтыйт", — деп айтылат Роспатенттин билдирүүсүндө.

"Вектор" вирусология борбору коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

26
Белгилер:
коронавирус, патент, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Вектор" COVID-19га каршы вакцинанын сынала башталчу күнүн айтты
Сом купюралары жана монеталары. Архив

Өлкөдө бюджет тартыштыгынан айрым чыгымдар токтотулат

0
(жаңыланган 20:42 30.09.2020)
Быйыл республикалык бюджеттин кирешеси пландагандан төмөн болгондуктан, анын тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү болжолдонуп жатканы эскертилди.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Өлкөдө ыкчам каржылоо зарылдыгына ээ болбогон чыгымдар убактылуу токтотулат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов "КРдин 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралган кеңешмеде билдирди.

"Учурдун талаптарын эске алуу менен 2021-жылга бюджеттин айрым параметрлерин өзгөртүүгө туура келип жатат. Анткени быйыл республикалык бюджеттин кирешеси пландагандан төмөн болгондуктан, бюджет тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. Ошондуктан биз кийинки жылдагы айрым чыгашаларды кыскартууга аргасызбыз", — деген Боронов.

Ал Финансы министрлигине бир ай ичинде министрлик жана ведомстволордун зарыл деп эсептеген чыгымдарын карап чыгууну тапшырган.

ЖК, президент жана өкмөттүн аппараттары бюджеттен канча каражат алары айтылды

Ага катар бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди карап чыгуу керектигин, бул негизинен бажы жана салык кызматтарына тийиштүү экендигин айткан.

"Фискалдаштыруу мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин да жумушун жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылы пандемия шартында да жакшы жыйынтыктарын берди. Маселен, Салык кызматы ай сайын планды 1 миллиард сомго чейин аткарууда. Бизде мындай пландар көп, алардын негизги бөлүгүн 2021-жылы ишке ашырышыбыз керек", — деген өкмөт башчы.

Боронов бюджет үчүн бажы тутумундагы пайдалуу программаларды да белгилеп өткөн.

"2021-жылга 30 миллиард сом чогултууну пландап жатабыз, ал ички мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. Андан тышкары 1,9 миллард сомдук мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлгөн, бул каражат пландаштырылбаган чыгымдарга багытталат", — деген премьер-министр.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп

Ошондой эле Боронов 2021-жылы өлкө тышкы карыздарды төлөө боюнча пикке жакындай турганын жана аны реструктуризациялоо боюнча иштер улантылып жаткандыгын эскерткен.

0
Белгилер:
каржылоо, бюджет, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема боюнча
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды