БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Буга чейин бир нече обсервация жайларында иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
"Буга чейин "Семетей" жана башка обсервация жайларына эпедемиялык кооптуу аймактардан келген жарандар кармалып турган. Алардын арасында вирустун клиникалык белгилери барлар ооруканага жаткырылды. Жуктуруп алгандар дагы ошол жактан чыккан. Ошол себептүү алар менен иштеген медиктер карантинге киргизилди", — деди Акматова.
Анын айтымында, учурда вирус жуктуруп алган медицина кызматкери жок.
25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.
Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчу рейнжерлер жардамга келишкен.
Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.
Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Япониялык жана түштүк кореялык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгышат. Бирок ыңгайлуу аба каттамдары жок болгондуктан келгиси келбейт. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмне себептен Кыргызстан кышта туристсиз калуу коркунучуна кептелди? Тоо лыжа базаларындагы абал" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн эки өлкө тең ири рынок болуп бере алат.
"Эгер туризм тармагындагы программаларды ишке ашыра турган болсок, перспективасы күчтүү рыноктордун бири Япония болуп эсептелет. Азыр деле бизге япониялыктар көп келишет, бирок аларга учуп келүүгө ыңгайлуу эмес. Токиодон Бишкекке келүүнүн эң жакын жолу Москва аркылуу жайгашып, эки күнгө созулат. Нур-Султан шаары аркылуу келсе деле ушунча убакыт кетет", — деди ал.
Комиссаровдун айтымында, Түштүк Корея менен дагы ушул сыяктуу кырдаал түзүлгөн.
Ал кошумчалагандай, башка мамлекеттер кайсы бир өлкөгө аба каттамын ачуу үчүн алгач туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, кардар чогултушат.