Жазгы талаа иштери. Архивдик сүрөт

ӨА киргизилген аймактарда жазгы талаа иштери кечеңдеп жатат

203
(жаңыланган 18:47 26.03.2020)
Учурда Кыргызстан боюнча жазгы талаа иштеринин 40 пайызы бүткөрүлгөн. Ысык-Көл менен Нарын облустарында айдоо иштери эми гана башталды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Республикада түзүлгөн өзгөчө абал жазгы айдоо иштерине залакасын тийгизбей койгон жок. Анын кесепетинен Ош облусунун үч районунда иш бир аз үзгүлтүккө учуроодо.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев учурда Кыргызстандын аймагындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү туурасында маалымат берди.

Министрдин айтымында, бүгүн Кыргызстандын аймагында жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат. Түштүк жергесинде айдоо иштеринин 35 пайыздан 50 пайызга чейинкиси бүтүп калды.

"Бирок өзгөчө абал кирген Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жазгы талаа иштери бир аз кечеңдеп, кыйынчылык жаралууда. Эң негизгиси айыл чарба техникаларын блок тосмолордон өткөрүүдө дыйкандарда бир топ нааразычылыктар пайда болду. Экинчиден, техниканын тетиктерин, минералдык жер семирткичтерди сатып алууда да кыйынчылык жаралууда. Буга учурдагы түзүлгөн өзгөчө абал себеп. Биз колубуздан келишинче тетиктерди саткан жана минералдык жер семирткичтер сакталган кампалардын байланыш номерлерин берип жатабыз. Министрликтин жер-жерлердеги башкармалыгынын өкүлдөрү да ушул үч райондо күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Ошого карабай кыйынчылыктар бар. Аны облустук жана райондук акимдер менен чечүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Чодуев.

Ал эми Чүй менен Талас облустарында айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул облустарда да коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал түзүлгөн. Министрдин айтымында, дыйкандар талаа иштерин колдон келишинче үзгүлтүккө учуратпай иштеп жатышат. Аталган министрлик айдап-себүү иштеринин толук ишке ашуусу үчүн облустук жана райондук деңгээлдеги бийликтин ыйгарым өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрүнүн да колдоосуна муктаж болуп турганы белгиленди.

Республика боюнча айдоо иштеринин 40 пайызы бүттү. Көбүнчө Чүй облусунда айдап-себүү иштери өз убагында бүткөрүлдү. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө эми гана башталууда.

203
Белгилер:
айыл чарба, министр, жаз, талаа
Тема боюнча
Кыргызстандагы дары-дармек чыгарган завод эки смена менен иштеп жатат
Чодуевдин калпы чыктыбы? Россия Кыргызстандын 118,7 тонна азыгын артка кайтарды
Өзгөчө абал учурунда электр жарыгы, суу жана газ берүү үзгүлтүккө учурайбы