Көчөнү дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан, коронавирус, коменданттык саат. Соңку кабарлардын тексттик баяндамасы

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар аныкталгандан кийин элдин кыймылы чектелип, бир нече аймакка өзгөчө абал киргизилди.

Негизги күч тартип сакчылары менен медицина кызматкерлерине жүктөлдү. Өкмөт абалдан чыгуунун аракетин көрүүдө.

Калкты өкмөттүн кадамдары жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кабардар кылып туруу үчүн күнүнө экиден, үчтөн брифинг, маалымат жыйындар өтүүдө.

26-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 44 адам болду. Алардын арасынан алты кишинин абалы начарлагандыктан, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:07 27.03.2020
20:55 27.03.2020
17:07 27.03.2020
16:53 27.03.2020
16:21 27.03.2020
16:18 27.03.2020
15:36 27.03.2020

“Кыргыз өкмөтү учурда бардык айлык акылар, жөлөк пулдар жана пенсияларды төлөп берүүнү баштады. Кыскасы, бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн сарпталуучу акчаларды төлөөнү аткарууда. Мындан ары да өз учурунда жана толук төлөгөнгө болгон күчүбүздү жумшап, аракет кылабыз”, - деди Жээнбаева.

15:28 27.03.2020

“Бөлүнгөн акча - биринчи иретте бюджетти камсыздоо максатын көздөйт. Пандемиянын Кыргызстанга тийген кесепетин азайтууга көмөктөшөт. Бул башка эл аралык финансы институттары тарабынан берилчү донор жардамдарга түрткү берген катализатор болот”, - деди Жээнбаева.

15:24 27.03.2020

Каражат коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 80,6 миллион доллар тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана 40,3 миллион доллар Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилген.  
 Өзгөчө финансылык жардамды алар COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн караган.  
 Бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.

15:19 27.03.2020

Министр Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен алган 120,9 млн. доллар эмнеге жумшаларын айтты. Акча негизинен КРдин экономикасын колдоо жана бир катар социалдык муктаждыктарды жабууга жумшаларын маалымдады. 

 

15:18 27.03.2020
14:42 27.03.2020

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылган. 

  Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран;

  Сауд Аравиясы – 1 жаран;
  Пакистанда – 3 жаран.


"Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы дагы бир кыргызстандык шек жаратып, бирок анализинен коронавирус чыккан жок. Ага карабастан, үй карантинине алынган”, - деди Акматова. 

14:36 27.03.2020
14:32 27.03.2020

“Бүгүн, 27-мартта коронавирус аныкталгандардын жашы боюнча айтсак, алар 1 жаштан 68 жашка чейинки адамдар”, -  деди Акматова.

14:30 27.03.2020

"Түнкү убакта коронавирус боюнча иштеп жаткан медицина кызматкерлери график боюнча иштешет жана алар жумуш ордун таштап кетүүгө болбойт. Вирустун жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн, алар жеке коргонуу каражаттары, транспорт жана керектүү зарыл каражаттар менен камсыз болгон”, - деди Акматова.

14:28 27.03.2020

"Вирус жукканы аныкталган 14 киши изоляция болгондордун арасында жаткан. Алар медицина кызматкерлердин көзөмөлүндө эле. Анализи чыккандан кийин, ооруканага которулду", - дед Акматова. 

14:22 27.03.2020

Жалал-Абад облусунда – 27;

 Ош облусунда – 26;

 Баткен облусунда – 1 учур;

Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган). 

14:19 27.03.2020

 Акматова: Эгерде Россияда жүргөн кыргызстандыктардан коронавирус чыкса алар Кыргызстанга алып келинет. 

14:14 27.03.2020

"65 жаштан өйдө жана кош бойлуу жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Алардын айлыгы сакталат", - деди Акматова.

14:14 27.03.2020
14:11 27.03.2020

Сузак району — 7
Өзгөн району — 3
Кара-Суу району — 1
Ноокат району — 2
Ош шаары — 1 адам. 

14:05 27.03.2020

Акматова: Бүгүн вирусту жуктуруп алган 14 учур кошулду. Ал эми реанимацияда жаткандардын бирөөнүн абалы жакшырып, палатага которулду. 

14:03 27.03.2020
13:55 27.03.2020
13:46 27.03.2020

Ош шаарында дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобус бөлүндү.

"Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумушка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берген. Кичи автобустарга күйүүчү майды мэрия берүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгеси менен кызмат акысын албай иштеп жатышат. Алар дарыгерлерди эртең менен жана кечинде ташыйт", — деди Топчубаев.

 Маалыматты Ош мэриясы таратты.  

 

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
12:31 27.03.2020
12:15 27.03.2020

Биринчиси Баткен облусунун Кызыл-Бел айылында жашаган 56 жаштагы аял - Г.Мурзакаримова. Ал коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан.

Экинчиси Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жашаган 36 жаштагы киши - Э.Жумагулов. Ал  Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшербестен 200 сом алып кое берүүдө деген кабарды жайылтып жиберген. 

 

Наручники - Sputnik Кыргызстан
"Блокпосттон 200 сомго өткөрүп жатышат". УКМК жалган маалымат тараткандарды кармады
12:12 27.03.2020
12:03 27.03.2020

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын айлыгынын эсебинен 700 000 сом коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке которулду.  

Белгилей кетсек, ОшМУда бул илдетти алдын-алуу боюнча атайын штаб түзүлүп, эрежелерге ылайык иштер жүрүп жатат. Учуда университеттин бардык окуу имараттары, жатаканалары дезинфекциядан өткөрүлдү. Буга чейин дозаторлуу антисептиктер университеттин бардык окуу имараттарынын, жатаканаларынын ар бир кабатына коюлуп, аны пайдалануу эрежелери ар бир окутуучу жана студентке түшүндүрүлгөн.
Ал эми окутуучулар учурда студенттер менен онлайн байланышып, сабактарды үзгүлтүксүз улантып жатышат

Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.  

Ситуация в Оше после введения режима ЧC из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
11:54 27.03.2020

Ош, Ноокат, Кара-Суу аймагынын коменданты Нурдиновдун кайрылуусу.

11:43 27.03.2020

“Ал аял  буга чейин кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу бир топ илдеттен дарыланып жүргөн. Ал бүгүн, 27-мартта, таңкы саат 4:30да инфаркт алып көз жумду”, - деп айтылат маалыматта.

Бул маалыматты Sputnik Өзбекстан жазды. 

 

10:33 27.03.2020
10:18 27.03.2020
09:37 27.03.2020
09:37 27.03.2020

Коомдук коопсуздук сактоо максатында Бишкекте  117 пост орнотулган. Алардын ичинен чоң блок посттор – 15, санитардык-карантикдик посттор – 26, кичине блок-посттор – 76. Булардын араларына жөө патрулдар коюлуп, иш алып барды.

 

09:31 27.03.2020

Бишкектин коменданты коронавирус кооптуулугунан улам шаардыктарды өзгөчө абал учурунда үйдө калууну, зарылдык болбосо эшикке чыкпоону өтүндү. 

09:28 27.03.2020

Орозалиев: Коменданттын саат башталган бир аз убакыттан кийин мас болуп автоунаа айдап жүргөндөр кармалды. Экөө милиция кызматкерлеринин токтотконуна карабай качкан. Аларды артынан кууп жеткенде алардын мас экени белгилүү болду. Алардын Бишкек шаарынын 25-30 жаштагы тургундары болуп чыкты. Алар токтобой койгондо  табелдик курал менен асманга ок атууга туура келди

09:26 27.03.2020

Алмаз Орозалиев: Борбор калаада коомдук коопсуздук туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Бишкектин 4 району боюнча 41 блок пост коюлду. Коменданттык саат учурунда талаптарга баш ийбеген 146 адам кармалды. Алардын 133ү эркек, 33ү аял киши болду. Алардын арасында чет элдик бир жаран бар. 

09:25 27.03.2020
09:13 27.03.2020

 

Бишкектин дезинфекцияга алына турган аянты. Бул жерге автоунаа менен өтүүгө болбойт.  Жөө кишилер анкетасы же маршруттук кагазы менен жүрө алат. Жанына паспортун же ким экендиги жазылган документин ала жүрүшү керек.

08:55 27.03.2020

20-марттан бери орус-казак чек арасындагы "Котяевка — Курмангазы" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 57 жүк ташуучу унаа үч топко бөлүнүп өткөн. Ушуну менен жүк ташуучулардын маселеси чечилди" — деп айтылат маалыматта.

Маалыматты ТИМ билдирди. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0