Коменданттык саатты бузган 241 адам кармалып, 12 унаа айып короого киргизилди

Жазылуу
25-марттан тарта Кыргызстандын айрым аймагында өзгөчө абал өкүм сүрүүдө. Кечки саат 8ден тарта көчөгө чыгууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 27-мартка караган түнү Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда коменданттык саат режимин бузган 241 адам кармалып, 12 автоунаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Тартип бузгандардын 146сы Бишкекте болсо, 22си Ош шаарында, 24ү Жалал-Абадда болду. Андан тышкары, Сузак районунда 29, Кара-Сууда 20 киши аныкталды. Ноокат районунда катталган эмес.

"Режимге баш ийбегендер менен түшүндүрүү иштери жүрүп, коменданттык саат бүткөндөн кийин үйлөрүнө кое берилди. Эки күн ичинде жалпы өлкө боюнча тартип бузган 561 адам ИИМ бөлүмдөрүнө алып келинген. Эрежелерди сактап, тартип бузбаганга, жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу үчүн 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Коменданттык саат жарыяланып, кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0