Бишкектин борбордук бөлүгү дагы деле жабык. Карта

Жазылуу
Белгилей кетсек, кечээ дезинфекциялоонун алкагында Ахунбаев, Бакаев, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу проспектилеринде автоунаанын кыймылына чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жаткан карантиндик аймак бүгүн дагы жабык болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ дезинфекциялоонун алкагында Ахунбаев, Бакаев, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу проспектилеринде автоунаанын кыймылына чектөө киргизилген. Тагыраагы, ушу тапта бул көчөлөр аркылуу шаардын борбордук бөлүгүнө өтүүгө мүмкүн эмес.

"Тосулган аймактан жөө адамдар маршруттук баракча, медициналык документтер (жолдомо кагаз, көчүрмө), ошондой эле анын ким экенин көрсөткөн күбөлүк болсо гана өтө алышат. Карантиндик аймак бара-бара шаардын башка аймактарына которулат", — деп айтылат маалыматта.

Штабдан маалымдашкандай, бүгүн дагы айдоочулар аталган аймакка автолору менен кире алышпайт.

Өзгөчө абал

Көчөнү дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан, коронавирус, коменданттык саат. Соңку кабарлардын тексттик баяндамасы
25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат жарыялангандыктан, тургундар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин чыкпашы керек. Күндүз дарыканага, дүкөнгө жана ооруканага гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0