Бишкек менен аймактагы бир катар соттор ишин токтотот

Жазылуу
Соттордун ишмердүүлүгү азырынча бир жумага токтотулган. Бирок судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешип иш алып бара турганы айтылды.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өз ишин токтотот. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирустан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кабыл алынган. Мындан сырткары, Чүй облустук жана райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот.

Маалыматка ылайык, бул соттордун ишмердүүлүгү бир жумага токтотулган. Ошону менен катар соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешип иштөөсү уюштурулат.

Коронавирус Кыргызстанда

Дарыгерлер коронавируска экспресс-тесттерди карап жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 аныкталган 14 кишинин вирусту кайдан жуктурганы айтылды
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0