Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМадридтин борбордук аянтында туристтер. Архив
Мадридтин борбордук аянтында туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги жана Испанияда коронавирус жуктурган кыргызстандыктар бар.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда дүйнөнүн кайсы мамлекеттеринде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар бар экенин айтып берди.

"Бириккен Араб Эмирлигинде бир жаран бар. Ал Жидда шаарында, 15-марттан бери дарыланып жатат, абалы канаттандырарлык. Пакистанда үч жаран бар. Испанияда дагы бир кыргызстандыктын анализи вирус жуктурганын көрсөттү", — деди Акматова.

Анын айтымында, бул жарандардын абалы тууралуу элчиликтер аркылуу кабар алынып турат.

Коронавирус Кыргызстанда

Дарыгер капельницаны бейтапка даярдап жатка убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Коронавирус менен реанимацияда жаткан 5 киши палатага которулду
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0