Банк. Архив

Бишкектеги банктардын өзгөчө абал учурундагы иш графиги. Тизме

1857
(жаңыланган 17:39 27.03.2020)
Өзгөчө абал соңуна чыкканга чейин Sputnik Кыргызстан бир катар ишкана, мекемелердин иш тартиби тууралуу маалыматтарды чыгарып, өзгөрүүлөр болгон учурда жаңылап турат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу көпчүлүк ишканалар жабылып, күнүмдүк турмушка өтө зарыл болгондору иш тартибин өзгөртүп иштей башташты.

Республикалык штаб дарыкана, оорукана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкары, өтө зарыл болгон учурда банкка барууга дагы мүмкүн экенин айткан. Үйдөн чыгаардан мурда банктардын ӨА учурунда иштөө режими тууралуу билип алуу керек. Мындан тышкары, жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын үлгүсүн көрсөтүшү зарыл.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан Бишкек шаарындагы банктар кайсы учурда иштери тууралуу маалымат чогултту.

Таблицада көрүнүп тургандай, банктар ӨА аяктаганга чейин саат 9.00дөн тарта 15.00гө чейин иштешет. Ишемби, жекшемби күндөрү эс алышат. Болгону айрым гана банктардын сактык кассалары ишин улантат.

Баса, үйдөн чыгуудан кооптонсоңуз же мүмкүнчүлүк болбосо, дээрлик бардык банктар интернет аркылуу дистанциондук кызматтарды сунуштап жатышат. Кененирээк маалыматты алардын расмий сайттарынан карап алсаңыз болот.

Өзгөчө абал соңуна чыкканга чейин Sputnik Кыргызстан бир катар ишкана, мекемелердин иш тартиби тууралуу маалыматтарды чыгарып, өзгөрүүлөр болгон учурда жаңылап турат.

Коронавирус Кыргызстанда

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

1857
Белгилер:
график, Банк, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Мугалимдерге дистанттык окутуу үчүн акы төлөнбөйбү? Министрликтин жообу
Банктар ишкерлерге кредит төлөө боюнча жеңилдик бере баштадыбы
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

99
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

99
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

94
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

94
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды