Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / GERARD JULIENГүлдөр жаандан кийин. Архив
Гүлдөр жаандан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын өрөөндөрүнүн кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл облусунда күн ачык болот.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 28-март, ишемби күнү, республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ситуация в Оше после введения режима ЧC из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы жер силкинүү Ошто дагы сезилди
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Таласта +9…+14, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын жергесинде +4…+9 жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +13…+18 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбор калаада +12…+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +15…+17 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0